​Парламенттик шайлоо: Өкмөт даярдыкты талкуулады

  • 4 года мурун

Премьер-министр Кубатбек Боронов 4-октябрда өтө турган Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү иштеринин жүрүшү талкууланган жыйын өткөрдү.

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров жетектеген шайлоо комиссияларын уюштуруу маселелерин кароо жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча иш алып бара турган республикалык штаб түзүлгөнүн өкмөт башчы белгиледи.

«Алдыдагы шайлоо мурдагылардан коронавирус инфекциясы пандемиясы учурунда өткөрүлө турганы менен айырмаланат. Бул масштабдуу саясий окуя жогорку деңгээлде уюштурууну талап кылат жана шайлоо участкаларында эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жарандарга вирустун жугушун алдын алуу боюнча иш аракеттерди көрүү шарт. Биздин алдыбызда шайлоону ачык жана таза өткөрүү үчүн бардык шарттарды түзүү милдети турат» деди Кубатбек Боронов.

Учурда 2464 шайлоо участогу бар, анын 44ү чет өлкөлөрдө. 54 аймактык шайлоо комиссиясы түзүлүп, алардын курамы бекитилди (650 аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, 29 837 участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү). Алдын ала тизмеге (24-июлга карата) 3 млн 428 миң 873 адам кирди.

Онлайн режиминде өткөн жыйында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова парламенттик шайлоо даярдык көрүү иштери жүрүп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, шайлоо участокторунда добуш берүүдө жарандардын дене табы өлчөнүп, жеке коргонуу каражаттары таркатылып, маал-маалы менен имараттар дезинфекцияланып турат, аралыкты кармануу талап кылынат. Мындан тышкары шайлоо участокторунан тышкары добуш берүүдө жана шайлоочулардын тизмесин тактоо боюнча кампаниянын учурунда текшерүү алгоритми иштелип чыккан.

Кеңешмеде укук коргоо органдарынын, финансы министрлигинин, маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин, каттоо кызматынын жетекчилери баяндама менен чыгышты.

Премьер-министр мамлекеттик тармактык органдарга, анын ичинде коомдук тартипти, киберкоопсуздукту камсыздоо, уюштуруу маселелерин ишке ашыруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтө тургандыгы тууралуу Президенттин жарлыгы чыккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты