​Бейруттагы жарылуудан Казакстандын консулу жаракат алды

  • 4 года мурун

Ливандын борбору Бейрут шаарынын деңиз портундагы жарылуудан Казакстандын бул өлкөдөгү консулу «жеңил жараат» алды. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, жарылуу болгон маалда иш күнү аяктап калгандыктан, элчиликтин башка кызматкерлери үйлөрүнө кетишкен. Жарылуудан элчиликтин имараты зыянга учураган.

4-августта болгон Бейруттагы катуу жарылууга дээрлик 3 миң тонна аммиак селитрасынын туура эмес сакталгандыгы себеп болгон. Бул тууралуу Ливандын премьер-министри Хассан Диаб «Твиттердеги» баракчасына жазды. Ал селитра кампада алты жылдан бери сакталып турганын кошумчалады.

Ливандын LBC International телеканалы жарылуу кампадагы ширетүү иштери маалында болгонун билдирди. Маалыматка караганда, жумушчулар уурулардан кооптонуп, кампадагы кичинекей тешикти бүтөөгө аракет кылышкан.

Селитра Молдованын желеги менен бараткан орусиялык ишкерге таандык кемеден конфискацияланган. «Росус» деп аталган кеме 2013-жылы Грузиянын Батуми шаарынан чыгып, Мозамбикке багыт алган. Орто жолдон техникалык мүчүлүштүктөр болуп, Бейрут портуна токтогон. Ливан бийлиги кемедеги селитраны конфискациялап, экипаж мүчөлөрүн кое берген.

Акыркы маалыматтар боюнча жарылуудан кеминде 100 киши мерт болуп, төрт миңден ашыгы жаракат алды.

Булак: Борбор Азия жаңылыкьар кызматы.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты