​Мектептерде 1-класска кабыл алуу башталды

Жаңылыктар

1-августтан тартып республиканын бардык мектептеринде 1-класска документтерди кабыл алуу башталды.

Ар бир мектепте санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы жана жергиликтүү бийлик органдары менен бирге окутуунун форматын (салттуу же аралыктан окутуу) аныктоо үчүн талдоо, мониторинг жүргүзүлүүдө.

Мектептер окуу китептерин 25-августка чейин берүүгө милдеттүү.

2020-2021-окуу жылында өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу республиканын бардык билим берүү мекемелеринде менчик формасына карабастан, бирдиктүү мектеп формасын кийүүгө талаптарды койбоо чечими кабыл алынды.

Жаңылыктармектепкабыл алуу1-класс