Орус-казак чек арасындагы мигранттар үйлөрүнө жөнөтүлө баштады

  • 4 года мурун

Орусиянын Оренбург жана Самара облустарына жакын орус-казак чек араларында топтолуп калган Кыргызстан менен Өзбекстандын 3,5 миңдей жараны мекенине жөнөтүлө баштады.

Бул тууралуу “Новости” маалымат агенттиги Оренбург өкмөтүнө шилтеме кылып билдирди.

Маалыматка караганда, орус-казак чек араларында Кыргызстандын 3 миңдей, Өзбекстандын 500дөй жараны бар.

«Бузулук районундагы жана Самара облусундагы Кыргызстан жарандары 4-августтан тартып Казакстандын чек арасы аркылуу мекенине жөнөтүлөт. Кыргызстан жарандарынын жалпы саны 3 миңге чукул. Үйлөрүнө кетүүнү күтүп жаткан Өзбекстандын 500дөй жараны алдын ала макулдашуу боюнча чек арадан 6-августтан тартып өткөрүлөт. Алар мекенине темир жол транспорттору менен кетишет» деп айтылат өкмөттүн билдирүүсүндө.

Чек араларда тигилген чатырларда улгайгандар кош бойлуулар жана балдар да бар.

Бул арада Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги 20 автобустан турган биринчи кербен кечээ, 4-августта 1 101 киши менен жолго чыкканын билдирди. Бүгүн, 5-августта, дагы 1356 жаран 23 автобус менен Кыргызстанга келе жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты