Коронавирус бар жана мен аны жеңдим. Үчүнчү бөлүк — Ибрагим Балтабаев (Лонгрид)

Үчүнчү бөлүк
«Коронавирус бар жана мен аны жеңдим» — Ибрагим Балтабаев
ПолитКлиника медиасынын бул долбоорунун алкагында Covid-19 жуктуруп, ооруп, айыккан жарандардын баяны чагылдырылат.

Ибрагим Балтабаев — коомдук активист. Көп адамдар сыяктуу эле биздин каарманыбыз дагы адегенде коронавируска ишенген эмес. Ал оорунун биринчи белгилери байкалганда деле айыгып кетем деген ой менен үйүндө алты күн жатканын айтат.

«Коронавирус биринчи Кытайдын Ухань шаарында чыкты. Биз күнүмдүк жумуш менен болуп бул тууралуу ойлонгон деле жокпуз. Анын үстүнө бизге вирус келбечүдөй, оорунун Кыргызстандыктарга тиешеси жоктой эле сезимдер болгон. Абал азыркыдай курчуп кетет деп ойлогон эмеспиз», — дейт Ибрагим.

Cүрөттө: Ибрагим Балтабаев

Ал башында ооруну олуттуу көрбөй, беткап деле тагынбай жүргөнүн айтат.

«Башында мен көпчүлүккө окшоп эле беткапсыз жүрдүм. Кадимкидей эле жашоо өтүп жатты. Ошол мезгилде Орусиядагы тааныштарым «Кыргызстанга толтура мигранттар кетип жатат, бирок алар обсервацияга жаткан жок, ошолор вирус алып барып силерди чоң коллапс күтүп турат» деп калышты. Ошондо менде кандайдыр бир кооптонуу сезими пайда боло баштады. Антисептик сатып алып, беткап тагына баштадым»,- дейт Ибрагим.

Бул ортодо Ибрагим достору менен кафеде тамактанат, көп убакыт өтпөй эле ошол чогуу отургандардын баары ооруп чыккан.

Ибрагим дагы достору менен тамактанып келгенден кийин муздаткычка салынган суудан ичип жаткан. Эртесинде башы катуу ооруп ойгонгонун айтат.

«Дене табым көтөрүлүп, жаным сыздап ооруй баштады. Бирок мен анда коронавирус болуп калдым деп ойлогон да эмесмин. Үч, төрт күн ооруну тоготпой жүрө бердим», — дейт ал.

Ошентип ал алты күн илдет менен өз алдынча күрөшүп жата берген. Акыры жан сыздаткан оору жеңилбешине көзү жетип, тез жардамга чала баштаган. Үч күн тез жардам чакырууга аракет кылып, акыры ооруканага өзү барганга туура келген.

Аны дарыгерлер кабыл алып, дароо эле жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырып анализ алышкан. Ошол учурда дагы Ибрагим жаман илдетке чалдыгып калганына ишенгиси келген эмес. Ал анализ тапшыргандан соң түнү менен жыйынтык таза чыгуусун жараткандан сурап чыкканын айтат. Бирок, тилекке каршы, дарыгерлер ага коронавирус болуп калганын билдиришкен.

«Ошол учурда менин көз алдымдан бир өмүрүм учуп өткөндөй болду. Коронавирус болуп калганымды дарыгерлердин өз оозунан угуп турсам да «Кантип эле?» деген суроолор башымда чубалжый баштады», — дейт ал.

Ибрагим бул учурда үйүндө жалгыз болчу. Ооруганга чейин эле үй-бүлөсү айылга кеткен экен.

Анын оору менен күрөшү ушинтип башталат. Палатада жалгыз үч күн жатып, андан кийин Садыбакас аттуу тааныш иниси дагы келип түшкөн.

«Ал дагы ушул илдетке чалдыгыптыр. Бирок Садыбакас ооруканага өтө оор абалда түштү. Тилекке каршы, аны сактап кала албадык», — деп көз алдында өзү тааныган жигит мерт болгонун эскерип бир үшкүрдү.

«Коронавирустан каза болгон таанышымдын түйшүгү мага маалым. Анткени, мен анчалык катуу оорубасам да, оорунун кандай өтөөрүн сүрөттөп бере алам. Чачымдан баштап, тырмагымдын учуна чейин ооруду. Айрыкча маанай жок болгон күндөрү оору күчөйт экен. Кичине жайдары болуп, алаксып калсак оору унутулуп жатты. Ошондо мен ооруну позитив менен жеңсе болоорун жон терим менен сезе баштадым. Дарыгерлер бизге дайыма жакшы маанай тартуулоого аракет кылып, кээ күндөрү анекдот айтып берип жатышты. Ошол күндөрү жаныбыз ооруганын унутуп бир жыргап алчубуз», — дейт Ибрагим Балтабаев.

Позитив маанай вирусту жеңүүгө жакшы шарт түзөөрүн билген соң Ибрагим социалдык тармактарда дагы позитивдүү постторду жаза баштаган.

Ал ооруканадан чыккан соң айланасындагылардын мамилеси өзгөрө түшкөнүн байкаган. Көпчүлүк андан качып, оолак болууга аракет кылган. Бирок, каарманыбыз коомчулуктун бул мамилесин түшүнүү менен кабыл алаарын билдирет.

Кыргызстандыктар коронавируска чалдыгып, бирок, аны элден жашырып жаткандарга таң калып жатканын айтат.


«Эй тууганым! Өзүңдү аябасаң аяба. Жакындарыңды аячы. Сиз оорубашыңыз мүмкүн, бирок, сиз беткап тагынбай жүрүп илдетти таратуучу болуп калууңуз мүмкүн. Сизден тараган вирус бир гана жакындарыңызга эмес, башка үй-бүлөлөргө да жайылышы ыктымал. Сактаналы туугандар! Аралыкты сактайлы. Вирус бир метрден алыс барбайт экен. Жок дегенде бир жарым метр аралыкты карманалы, беткап тагыналы, антисептик колдонолу», — деп коомчулукка кайрылды Ибрагим Балтабаев.

Ибрагим айыгып чыккандан тартып волонтердук менен алектене баштаган. Ал «Бир дем» кайрымдуулук фонду менен бирге элден каражат топтоп, өзү жашаган аймактагы ооруканаларга дары-дармек, коргонуучу кийим жана кычкылтек концентраторлорун алып берип турат. Макалабыз даярдалып жатканда өзү айыгып чыккан ооруканага элден чогулган каражатка тез жардам унаасын белекке бергени белгилүү болду.


Бул макала жарым-жартылай АКШ өкмөтү каржылаган Бүтүрүүчүлѳрдүн КОВИД-19 Ыкчам Чара чакан гранттар программасынын каражатына даярдалган. Аталган Чакан гранттар программасы Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилиги тарабынан каржыланып, Американын эл аралык билим берүү кеңештери (АКСЕЛС) аркылуу ишке ашырылат. Бул жерде келтирилген сунуштар, корутундулар жана пикирлер авторлордун оюн гана билдирет жана Кыргыз Республикасы АКШ Элчилигинин же Американын эл аралык билим берүү кеңештеринин көз карашына дал келбеши мүмкүн.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты