20 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды

  • 4 года мурун

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 20 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Анын ичинен:
• Бишкек шаарында – 2;
• Ош шаарында – 4;
• Жалал-Абад облусунда – 7;
• Ош облусунда – 5;
• Баткен облусунда – 2.

Ал эми бир суткада 4 медициналык кызматкер ооруканадан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 36 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2874 учур катталды, алардын ичинен 1934 медкызматкер айыкты.

5-августтагы маалымат боюнча Кыргызстанда бир суткада COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын 569 учуру катталды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты