​Нарында жеңилдетилген насыяга медициналык борбор курулат

  • 4 года мурун

Нарын шаарында өкмөт берген 6 пайыздык жеңилдетилген насыянын жардамы менен медициналык борбор курулат.

Ал үчүн Нарын облустук бириктирилген ооруканасына жакын аймактан жер аянты сатылып алынып, курулуш башталууда.

Курула турган медициналык борбор 3 кабаттан туруп, дартты аныктоочу лабораториялар, жабдуулар коюлат. Дарыгерлердин бөлмөлөрүнөн сырткары бейтаптарды жаткырып дарылоочу 24 орундуу заманбап медициналык жай болот. Борбордун жалпы сметалык баасы 37 миллион сомду түзүп, 17,5 миллион сому мамлекет тарабынан жеңилдетилген насыя катары 2019-жылдын декабрь айында каржыланган.

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Сүоөт: Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты