Бишкекте коомдук унаа жана соода борборлорунун иш тартиби өзгөртүлдү

  • 4 года мурун

Бишкекте 3-августтан тартып коомдук унаанын жана соода борборлордун иштөө тартиби өзгөртүлдү.

Эми автобус, троллейбус жана кичи автобустар унааны милдеттүү түрдө дезинфекциялоо жүргүзүп, таңкы 7:00дөн 11:00 гө чейин жана саат 14:00дөн 23:00 гө чейин иштейт. Коомдук транспорт дем алыш күндөрү иштебейт.
Соода борборлору, супермаркеттер, соода үйлөрү, комплекстер, дүкөн түйүндөрү күн сайын саат 7:00дөн түнкү саат 00гө чейин иштейт.

Кафе жана ресторандар, ошондой эле коомдук тамактануу жайлары 7:00дөн 22:00гө чейин иштейт, санитардык талаптарды сактоо менен тамак-аш жеткирүү кызматтарына чектөөсүз иштөөгө уруксат берилет.
Борбор калаанын базарлары мурдагыдай күн сайын саат 9:00дөн 17:00гө чейин иштейт.
Бул тууралуу токтомго Бишкек мэри Азиз Суракматов кол койду.

Көчөдө сатуу жана кызмат көрсөтүү объекттеринин (батуттар, велосипед ижарага берүү түйүндөрү ж.б.), тойкана жана көңүл ачуу жайларынын ишмердүүлүгүнө (түнкү клубдар, барлар ж.б.), балдардын оюн-зоок аянтчалары жана көңүл ачуу жайларынын ишине дагы эле тыюу салынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты