Кытайдан ​78 кычкылтек концентратору келди

  • 4 года мурун

КР тышкы иштер министрлигинин көмөгү менен Кытайдан Бишкек шаарына кечээ чартердик рейс менен ар бири 10 литрден болгон 78 кычкылтек концентратору жеткирилди.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жаңы аппараттар республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынып, аймактарга бөлүштүрүү үчүн саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилди.

Белгилей кетсек, буга чейин Кытай Эл Республикасынан ар бири 5 литрден болгон 1500 кычкылтек концентратору алынып келинген. Мындан тышкары өткөн жумада 10 литрликтен 40 даана концентратор жеткирилген. Ушул аптада ушундай эле көлөмдөгү 350 жаңы аппарат келери күтүлүүдө. Жалпысынан Кыргызстан Кытайдан 2000 кычкылтек концентраторун сатып алды.

Сүрөт: өкмөттүн маалымат кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты