Марат Бакиевдин кызы Сымбат Маратбек “Бир бол” партиясында иштери чындык

  • 4 года мурун

Социалдык тармактарда Марат Бакиевдин кызы Сымбат Маратбек “Бир Бол” партиясында иштери жана Алтынбек Сулаймановдун жеке жардамчысы экени айтылып жатат. ПолитКлиника бул маалыматтарды тешкерип көрдү.

Твиттер колдонуучусу Warwenych Сымбат Маратбек Алтынбек Сулаймановдун финансы директору экенин, партияны Бакиевдер каржылап жатканын жазып чыккан.

“Сымбат Маратбектин тегин карап көрсөк Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Тейит айылынан, чет өлкөдө билим алган, бир нече тилде эркин сүйлөгөн бул кыз акчасы жок жаңы жүздөр менен биринчи ондукту алып чыккан Алтынбек Сулаймановдун партиясынын каржысында мааниси бар” деп жазылат Твитте.

Партиянын жаңы мүчөлөрүнүн бири Эсен Момункулов Сымбат Маратбек туугандары бийликте турганда чет өлкөдө окуп жүргөнүн, тууганы үчүн жооп бербеши керек деген пикирин билдирген:

“Мен Сымбатты эки жылдан бери билем жана аны өз тармагын мыкты билген адис катары сыйлайм! Ал мыкты аналитик, коммуникацияларды жакшы түшүнөт, чет элдик университеттерде окуган жана эч качан саясатка аралашкан эмес! Анын кимдин тууганы экени мага баары бир, мен үчүн ал акылдуу! Анын туугандары бийликте турганда, ал Кыргызстанда болгон эмес, анткени ал жаш кыз болчу жана окуу менен алек болчу. Ал бардыгына билим жана чечкиндүүлүк менен жетишкен! Жакында Лондондо жана Грузияда стажировка өтүү боюнча сынакта жеңишке жетишкен!”, — деп жазган Момункулов.

Алтынбек Сулаймановдун өзү менен байланышуу мүмкүн болгон жок, ал эми партиянын басма сөз катчысы Ильич Кулназаров Сымбат Маратбек офис менеджер болуп иштерин жана финансылык иштерге тиешеси жок экенин билдирди:

“Сымбат Маратбек “Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер эмес. Мындан сырткары, ал жетектөөчү кызматты ээлебейт жана партияны каржылоо саясатына эч кандай тиешеси жок. Ал штабдагы катардагы кызматкер”, — деп билдирди Кулназаров.

Кызматка алып жатканда Сымбат Маратбек “Бир Бол” саясий партиясынын штабына маектешүүнүн негизинде катардагы кызматкер катары кабыл алынган. Кызматкерди кабыл алып жатканда партия алардын ата-тегине, жерине, улутуна маани бербейт, биринчи кезекте адамдык сапаттарына, билимине, тажрыйбасына басым жасаларын айтты.

“Социалдык тармактарда жарыяланган маалыматтар биздин атаандаштардын партиянын беделин түшүрүү аракети деп эсептейбиз. Сымбат Маратбек тууралуу маалымат “Twitter” социалдык баракчасындагы “фейк аккаунт” аркылуу жарыяланып, каралоо кампаниясынын башталганы саясатка жаңы күчтөрдүн келүүсүнө каршы иш жүрүп жатканын далилдеп турат”, — дейт Кулназаров.

Партиянын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, Сымбат Маратбек Германиядагы Лейпциг университетин аяктаган. Эл аралык экономика, бизнести башкаруу жана энергетика боюнча магистрдик диссертациясын жактаган. МГИМодо эл аралык мамилелер боюнча бакалавр даражасын бүткөн. Көптөгөн эл аралык премияларга татыган. Ошондой эле изилдөөлөр менен алектенет. 5 тилде эркин сүйлөйт.

Жыйынтык: Марат Бакиевдин кызы Сымбат Маратбек “Бир Бол” партиясында иштери чындык.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты