​Covid-19: Чет өлкөдөгү студенттер мекенине келе албай убара

Коронавирус пандемиясы чет өлкөдө окуган Кыргызстандык студенттерди дагы түйшүккө салды. Мамлекеттер аралык аба каттамдары токтотулуп, анын кесепетинен көптөгөн мекендештерибиз Кыргызстанга келе албай калды, алардын ичинде чет өлкөдө билим алган сдуденттерге дагы өзгөчө кыйын болду.

Томск Политехникалык университетинин магистратура бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү Динара Мукашова окууну аяктаганына карабастан, үч айдан бери Кыргызстанга келе албай убара. Ал эки ай мурда эле элчиликке атайын тизмеге дагы жазылып койгон. Бирок, али күнгө чейин кезеги жетпей келет.

“Кыргызстанга кайтыш үчүн консулдук кызматка курбу кызым экөөбүз чогуу 16-майда арыз калтырганбыз. Ал кызга (20-июлда) “Кыргызстанга кетесиңби? Ушул жума рейс болот…” деп чалышыптыр. А мага эч ким чалган жок. Буга чейин дагы бир тааныш кызыбыз биринчи рейс менен Кыргызстанга кеткен. Бирок, менден кийин тизмеге катталган болчу” – дейт ал.

Динара Мукашова

Студенттер учурда Томск Политехникалык университетинин жатаканасында жашашат. Бирок, август айынын башында окуу жайга жаңы келе турган студенттерге жатакананы бошотуп бериш керек. Ага чейин Кыргызстанга кетиш керек болот. Болбосо, башка барар жери жок экенин айтат Динара.

“Учурда мекенибизге кайтуунун айласын таппай турабыз. Жатаканадан чыгарса эмне кылабыз билбейм… Билет дагы кымбаттап кетиптир, мурда 10 миң рублга алсак, эми 25 миң рубль болуптур. Азыр ата-энемдин салган акчасы менен жан сактап атам. Иштейин десең жумуш табылбайт”, — дейт ал.

Ал эми Кытай мамлекетинин университеттеринин биринде окуган Айгерим (Ред: аты өзгөртүлдү) январь айында каникулдап Москвага эжеси менен жолукканы келген. Пандемияга байланыштуу кайра же Кытайга окуусуна, же Кыргызстанга кете албай орто жолдо калган. Иштейин десе жумуш табылбай, эжесинин тапканы эки адамга жетпей кыйналып турган учуру.

“Мен 2017-жылы Кытайдын Ганьсу провинциясынын Гуанчжоу шаарындагы Кытай салттуу медицинасы университетине тапшыргам. Жатаканада жашап окучумун. 2020-жылдын январь айында адаттагыдай эле кышкы каникулга тараганбыз. Эс алуу учурунда Москвага эжем менен жолукканы келип, коронавирустан улам же Кыргызстанга, же Кытайга кете албай орто жолдо калып калдым”, – дейт Айгерим.

Айгерим эжеси менен биргеликте Кыргызстанга кетүү үчүн эки жолу билет алган. Бирок аба каттамдары токтотулуп, эки билети тең күйүп кеткен. Убактылуу иштеп турганга жумуш да жок.

Жакында эле чартердик рейс менен Кыргызстанга келген Томск Мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүсү Айсулуу Каныбекова Кыргызстанга кайтуу үчүн түзүлгөн тизмеде дагы баш аламандыктар бар экенин айтат.

“Ар бир төртүнчү күн сайын жыйырма студентти чартердик рейс менен алып кетип атышат. Томскиде студенттер аябай көп, качан келип бүтөт билбейм… Биз биринчи рейс менен келдик. Тизмеге кирбей калган экенмин, ызылдап жатып араң кошулдум. Калгандары калып эле калышты. Элчилик башка тизме берет, Кыргызстандан башка тизме берет. Бул жагы такыр түшүнүксүз болуп атат”, — дейт Айсулуу Каныбекова.

Айсулуу тизме түзүүнү Тышкы иштер министрлиги тартипке салса болмок деген оюн айтат.

“Студенттердин басымдуу бөлүгү окуусун бүтүп же мекенине кете албай, же ал жерден ордун таба албай депрессиялык абалда турушат”, — дейт ал.

Айсулуу Каныбекова

ТИМде чет өлкөдө окуган студенттердин статистикасы жок

Тышкы иштер министрлиги студенттер боюнча өзүнчө статистика жүргүзбөй турганын билдирди.

“Бизде чет өлкөгө канча студент окууга кетип, канчасы алып келингендиги тууралуу так маалымат жок. Себеби, жарандар чет өлкөгө кетип жатканда атайын каттоого турушпайт”, — деп билдиришти ТИМден.

Министрликтин маалыматына караганда, коронавирустук пандемия башталгандан бери Кыргызстандын 25 миң 237 жараны аба жана жер транспорту менен, анын ичинде өнөктөш өлкөлөрдүн жардамы менен, чет өлкөлөрдөн кайтып келишкен. Алар: Австрия, Афганистан, Албания, Армения, Азербайжан, Бельгия, Болгария, Бразилия, Бахрейн, Беларусь, Бангладеш, Венгрия, Улуу Британия, Вьетнам, Греция, Грузия, Египет, Иран, Иордания, Индонезия, Индия, Израиль, Италия, Испания, Израиль, Казакстан, Кытай, Корея, Камбоджа, Канада, Кувейт, Катар, Латвия, Литва, Малайзия, Мальдивы, Норвегия, Нидерланды, БАЭ, Оман, Пакистан, Польша, Румыния, Россия, АКШ, Сауд Арабиясы, Сербия, Сингапур, Словакия, Тажикстан , Түркия, Таиланд, Түндүк Кипр Республикасы, Өзбекстан, Украина, Филиппин, Франция, Германия, CAR, Швейцария, Шри-Ланка, Швеция, Эфиопия, Япония жана башка өлкөлөр.

Алардын ичинен Россиядан 20-марттан ушул убакка чейин 18 миң 774 жаран кайтып келген. Тактап айтканда, февраль айында — 112, мартта — 6188, апрель айында — 4223, май айында — 5056, июль айында — 8079 Кыргыз Республикасынын жарандары кайтып келишкен.

“2020-жылдын 24-июлуна карата, дүйнөнүн 51 өлкөсүндөгү 117 373 жараныбыз мекенине кайтып келүү үчүн тизмеде кезегин күтүп турат” — деп билдирди ТИМдин басма сөз кызматы.

Кымбат ТУРДУБЕКОВА

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты