​32 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

  • 4 года мурун

30-июлдагы маалымат боюнча бир сутка ичинде өлкө боюнча 32 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Анын ичинен:

• Ош шаарында – 9;

• Ош облусунда – 7;
• Жалал-Абад жана Нарын облустарында – 2ден;
• Ысык-Көл жана Баткен облустарында – 6дан.

Ал эми бир суткада 13 медициналык кызматкер ооруканадан чыгарылды.

Мындан сырткары үй карантининен 56 медициналык кызматкер чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2743 учур катталды, алардын ичинен 1664 медкызматкер айыкты.

30-июлда берилген маалымат боюнча Кыргызстанда бир суткада COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын 631 учуру катталды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты