​Жээнбеков: Бул апаат ар бирибизди оор сыноодон өткөрүп жатат

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-июлда,— Улуттук аза күтүү күнүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду.

-Бүгүнкү күн — коронавирустан каза болгон мекендештерибизди эскерүүгө арналган Улуттук аза күтүү күнү.

Жалпы кыргызстандыктар көзү өткөндөрдү эскерип, аза күткөн, маркумдардын үй-бүлөсүнө кайрат айтып, тилектештик билдире турган күн.

Дүйнөлүк апаатка айланган бул илдет Кыргызстан элин да кайгы-муңга салды, боордошторубуздан айрылып калдык.

Оорунун айынан жарандарыбыздын ата-энелери, балдары, бир туугандары, жакындары каза болушту.

Өлкөбүз орду толгус жоготууга учурады.

Ар бир көз жумган мекендешим менин сай-сөөгүмдү сыздатып, жүрөгүмдү канатып кетти…

Каза болгондордун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун, жаны бейиште болсун деп тилейбиз.

Маркумдардын үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, кайрат кылгыла дейбиз.

Жараткандан сабыр тилейбиз.

Баарыбыздын тагдырыбыз бир, жалпы кыргызстандыктар чогуубуз.

Каза болгон жарандарыбыз — ар бирибиздин боордошубуз, жакыныбыз, мекендешибиз, досубуз, коңшубуз же жөн гана таанышыбыз.

Урматуу мекендештерим!

Жарандарыбыздын өмүрү, элибиздин ден-соолугу үчүн болгон күрөш дагы эле бүтө элек.

Бул апаат ар бирибизди оор сыноодон өткөрүп жатат.

Илдет менен күрөшүү, элибиздин ден-соолугун сактап калуу — бул жалпы улуттук күрөш.

Биз баарыбыз бирге аракет кылсак, бир күч, бир дем болсок, бул апаатты жеңебиз!-деди мамлекет башчы.

Кыргызстанда да пандемия оор жоготууга алып келди. COVID -19 инфекциясынан каза болгондордун жалпы саны 29-июлдагы эсеп боюнча 1347ге жетти (пневмонияны эсепке алганда).

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты