​Жомоктогудай Кыргызстан

Чүй облусу

Жомоктогудай Кыргызстан – бул Диана Светличнаянын өлкөнүн жети облусун чагылдырган материалдарынын топтому. Бул – шаардык жарандын айыл жергесинин жашоо шартына карата көз карашы. Салттуу үй-бүлөнүн назик дүйнөсүнүн эшигин ачуу, кыргызстандыктардын улуу-кичүү муунун бириктирүүчү тарыхый баяндарды жана жомокторду жазып алуу, алардын баалуулуктарын талдоо аракети.

Аман калган адамдыкы туура

Күндүн алгачкы нуру менен жарыша борбордон сапар алдык. Чыгышта кызарган мунарык, асманда буурчактын данындай агарган жылдыздар. Бишкек былк этпей, жарыктан көзүн жүлжүйтө жашырып, демин ичине катып, секириктин алдында демин ичине тартып тургандай. Тез жардам унаасынын бүтпөчүдөй уңулдаган ачуу кыйкырыгынан кийинки көпкө күттүргөн эрте таңдын тыптынч көз ирмемдери чындыкка коошпогондой. Менин чакан, азапка чулганган шаарым бир нече саатка оор уйкуга кирген. Жылдын эң ысык айы бишкектиктер үчүн өтө оор, өтө катаал ай болду. Июль айындагы жаңылыктардагы маалыматтар – каза болгондордун саны, социалдык тармактардын лентасы – некрологдор, көңүл айтуулар, “covid19” кара белгилер, “Кыргызстандемал” хэштеги.

Бул апаат үзүлөйүн деп араң турган нерселерди ашкере кылды. Жакырдык, келесоолук, ач көздүк – биз булардын баарын мурун деле көрүп келгенбиз, бирок бул кайгынын деңгээлин күйүп бүткөн үйдүн чычаласында отуруп гана жакшы түшүндүк.

Агарган таң күндүн ысык болорунан кабар берүүдө, оттуу шар уламдан улам жогорулоодо, шаардан чыга берерде машинабыз титиреп кетти. Курулуп бүтпөгөн жол, алдыда кетип бара жаткан маршрутканын айдоочусу бардык жол эрежелерин бузуп, кызылга өтүп, жеңил автоунаалардын алдына чыгып, туура эмес жерлерден кайрылат. Согушта согуштагыдай болуш керек – ким аман калса, ошонуку туура болот.

Кыймылсыз абада чубалгылардын күңгүрөнгөн үндөрү угулуп, чаңдуу тумандын арасынан тоолордун агарган чокулары көрүнөт, менин коргоочусу жок шаарым – оорулуу коргонум, таянычым артта калды. Алдыда – таза аба, ар кандай чөп-чар жыттары, күркүрөп аккан тоолуу дарыя. Жан дүйнөнү дарылаган кооздук, денени дарылаган табият.

Бишкектен чыкканга чейин биз котормочу экөөбүз тең эки жума бою обочолонгон, башкаларга аралашпаган жашоону баштан кечирдик. “Зыян келтирбе” – медициналык этиканын эң байыркы принциби жаңыча реалияда – баарына номур бирди коюу.

— Эже, аралыкты сактаңыз, сураныч! Полго бул сызыктарды атайын чийип коюшту да! – супермаркетте желкеме дем алып жаткан аялга кайрылдым.

— Аа, бул сызыктар ушундай нерсе үчүн турбайбы?! – жанында турган балага шыбырап калды.

(“Аралыкты сакта” маалыматтык кампаниясынын үч айлыгы).

Кыргызстандын региондорун жайында көрүп чыгуу кыялым дайымкыдай эле бир аз өзгөрүүлөр менен ишке ашып жатат. Чегирткенин ырын угуп чай ичүү, боз үйдүн түндүгүнөн жылдыздарды карап жатуу, аксакалдардын коңур үнүн угуу – мунун баары ишке ашчу нерселер, бирок айрым эрежелерди сактоо керек: аралыкты сактайбыз, бет капты чечпейбиз, колду тазалайбыз.

Бишкектен чыга бериште

Суусамырга карай жол

Сокулук – Беловодское – Сосновка – биринин артынан бири созулган алагачкы ири айылдардан узап өттүк. Биринчи, экинчи, үчүнчү үйдүн короосунда боз үй тигилип турат. Өтүп бара жаткан адамдардын чарчаңкы, азапка малынган түрлөрү, саргайган талдар, айылдардан чыга берген жерлердеги жарым-жартылай ураган имараттар – баары башкача мааниге бөлөнгөн.

— Сиз дагы ошону ойлоп жатасызбы? – котормочудан сурап калдым.

— Адамдын өмүрү драматизмге толтура болот деп ойлойм, — философиялык мааниде жооп берди ал.

Жол жээктеринде аялдар менен эркектер жашылча-жемиш сатып олтурушат, сатуучулардын көпчүлүгү кездемеден тигип алган бет капчан. Жүздөрү күн нуруна чагылышат. Коргоочу бет каптарын оңдоп коюп, көзү-мурдун ушалайт, жөтөлүп коюшат, кош колдоп учурашышат, акча санап жатышат. Жол өрдөй берди.

Жогорулаган сайын, дем алуубуз жеңилдеп калды. Терезелерди ачып, абадан сугалактана жутабыз. Төө-Ашууда суук, шамал буттан уруп чабат. Машинадан чыгып, курмөлөрүбүздү желбегей жамынып алып, аянтчада айлана-тегерегибизди карап турдук. Унчукпадык. Көз алдыбызда жапжашыл деңиз созулуп жатты, ийри-буйру жолдордо чоң жүк жүктөлгөн кербендер көзгө илинбес чекиттердей көрүнөт. Жүрөгүбүз жайыраак согуп, тынчтык сезими жан дүйнөбүздү ээлейт.

Төө-Ашуу ашуусу

Суусамыр өрөөнү

200 чакырым жол жүрдүк, төрт саат аракет кылдык, дарыя, булуттар мейкиндиги. Көкүрөктөгү боштук толуп баратат. Кан тамырларды жылуулук аралап бараткандай. Гүлдөр жайнап, аба таптаза болуп калды.

Суусамырга кайрылган жер. Козу карынчылардын, балык уулоочулардын, кыялкечтердин сүйгөн жери. Эс алууга токтодук. Тигинде, мында коюу чөптүн арасынан шампиньондордун төбөсү агарып көрүнөт. Беде, кийик от, жалбыз, кызгалдактар, аарылардын ызылдаган үндөрү. Дөңсөөнүн артында жалгыз бал челекчи. Кулак-мурун кескендей жымжырттык.

Кожомкул айылына кире берген жерде кароосуз калган вагондун жанында кызымтал киишилер отурат, тамеки чегишип, ушак айтышып, кээде унчукпай калышат. Жол изи менен колуна теспе кармаган аксакал киши кетип бара жатат. Мас кишилердин да, аксакалдын да түрлөрү абдырап, коргоосуз калгандай. Айылдаштардын короолору, бакчалары, чарбасы – баары алаканга салгандай көз алдыңда. Дүкөндөн балдарын жетелеген аялдар чыкты. Аялдардын жүздөрү күнгө тотуккан, басыктары ишенимдүү.

— Эже, айылдын ары жагында эмне бар? – котормочу бир аялдан сурап калды.

— А силер эмне издеп жатасыңар? Кымызбы? Дарыланганы келдиңерби? – бизди карап туруп, аял ушундай бүтүмгө келди окшойт. – Силер түптүз бара бересиңер. Жол жаман, бирок артка кайрып кетпегиле. Токойду, анан кооз жерлерди көргөндө, солго буруласыңар, ал жерден алыс эмес.

Кожомкул айылына кире бериштеги ит

Бактылуулук сезими

Жол жүрүп кетип бара жатабыз, кооздукка жетпей чыдамыбыз кетүүдө. Айлана-тегерегибиздин баары эле кооздук. Жол өтө кейиштүү абалда, бирок табият жомоктогудай. Дөбөчөлөрдүн жээктериндеги гүлдүү талаалар, көлөкө-саябандуу токойчолордогу дарыялардын күр-шар эткен үндөрү – аларды карап турсаң – жомокко жан киргендей, суулардан сууда жашаган дөө-перилер, бак-дарактардын арасынан токой дөө-перилери чыгып келчүдөй.

Дагы токтодук, мында суунун үстүндө унчукпай турдук. Суунун түбү таштак, кымбат баалуу таштар төшөлгөн, чөптөрдө кайсы бир чымчык кыбырап жүрөт, гүлдүү чыттардай көпөлөктөр бырпырап учуп-конот. Биз пейзаждын бөлүгүнө айланып, булдүркөн жана жапайы ит мурун бадалдарынын арасында адашып жүрөбүз. Өткөн күн эсибизден чыккан, келечек кандай болорун билбейбиз. Жүздөгөн чакырымдарга созулган тоо, токой, талаалар керилип жатат. Бактылуулук.

Суусамыр өрөөнү

Жайлоо

Боз үйлөр жашыл чыныдагы чакмак канттардай көрүнөт. Алар өтө көп эмес, болгону – төртөө. Зымырыт түстөнгөн жапжашыл килемчедеги ак үйлөр. Ар бир боз үй – өзүнчө үй-бүлө, өз алдынча чарба. Арчанын бутактары отто чытырап күйүп, түтүн менен куурулган эттин жыты чөптүн ачуу жытына аралашып каңылжаарды жарып, өрөөндү аралайт.

Жолдун изи менен бара жаттык, алдыбыздан тосуп тайгандар чыкты, алар – бул жердин кожоюндары. Алардын кабырыңкы денелери өтө кооз жана келбеттүү, алардын акылдуу көздөрү – сак жана көрөгөч. Боз үйдүн тегерегинде балдар чуркап жүрүшөт, оттун жанында аксакал отурат.

Нургүл эже бизди кучак жайып тосуп алды. Ал шаардагы оору тууралуу бир нерселерди уккан, бирок жакшы деле түшүнгөн эмес.

— Биз жаздан бери бул жактабыз, телевизор да, радио да жок, жаңылыктарды биз өтө кечигип угабыз. Жаңы пайда болгон оору аябай коркунучтуу экен деп укканбыз. Бирок жайлоодогу элдер күчтүү келет. Кымыз ичкиле, анан эч кандай оору жукпайт.

Нургүл эже өмүрүнүн баарын ушул жерлерде өткөргөн, ар жылы жайында жолдошу Сүйүнбек менен бул жакка коңшу айылдан көчүп келишип, боз үй тигишип, мал кайтарып, неберелерди багышат.

— Балдардын чоң ата, чоң энелери менен жаратылыш койнунда чоңойгону туура. Бул жерде ар биринин мойнуна жүктөлгөн милдеттери бар, баарын айттырбай жасашат. Неберем Нурбол жалгыз чарба иштерине жетишпей жатканымды түшүнүп, бээ саам убагы келгенде, бизде 25 бээ саалат, чуркап келип, мага жардамдашып, бээлерге кулун агытып берет.

Нурбол өз милдетин кандай аткарып жаткандыгын бир аздан кийин көрөбүз. Кулундар аны аябай жакшы көрүшөт, тумшугу менен колун сүзгүлөп, ойногусу келип секирет. Нурбол абалына сыймыктанып, өзүн кадыр-барктуу сезет.

Суусамырдагы жайлоо. Нурбол чоң апасына жардамдашат

— Айпери дагы менин жардамчым, ал май чалганды, тамак бышырганды жана дасторкон даярдаганды билет, — Нургүл эже небереси тууралуу сыймыктануу менен айтып калды.

– Жайлоодо бээ менен уйларды саап, түшкү тамак даярдап, курут жайып, баарынын курсагын тойгузганча түн кирет. Бизде свет жок. Караңгы киргенде эле жатабыз.

— Уктаар алдында неберелериңизге жомок айтып бересизби?

— Ар нерселерди айтып беребиз. Жашоо жөнүндө, ата-бабалары жөнүндө.

Жайлоодо жумуш баарына жетиштүү

Айпери менен Нурболго айтылган жомоктор

Илгери-илгери биздин аймактарда бир балбан адам жашаган экен. Аны Кожомкул деп аташчу. Анын бою эки киши бириккендей, ал эми күчү бүтүндөй аскердин күчүнө барабар экен. Жолдо бара жатканда минген аты чарчап калса, аны көтөрүп алып үйүнө алып келчү. Кээде мергенчилердин жолун тоодон кулаган таштар тороп калганда, Кожомкул барып, чоң-чоң таштарды көтөрүп, жолду тазалап берчү экен. Кожомкулдун колунан келбеген иш жок болгон. Бирок, аны узун бою, күчтүү колу үчүн эмес, жумшак, мээримдүү жүрөгү үчүн жакшы көрүшчү экен. Кожомкул элдерге жардам берип, колунда барын башкаларга бөлүшүп, кедейлерге көмөктөшчү дешет. Бир күнү Кожомкулдун айылында кургакчылык болот, дарыянын нугу өзгөргөн экен. Жайыттар кургап, бош жаткан жерлер көбөйө баштаптыр. Айылдаштары Кожомкулга кошуна айылга барып, таш жаткырып, дарыянын жолуп тороп кел, алар кургакчылыктан кыйналып азап чегишсин, суу бизге карай аксын дейт. Кожомкул кошуналарга кыянатчылык кылуудан баш тартып, айылдаштарына нааразы болуп, ачуусу келип, жерди муштуму менен бир койгон дейт, ушунчалык катуу соккондуктан, жер жарылып, андан суу атып чыгып, ал дарыяга айланып, өрөөндө жаңы жашоо башталыптыр. Жайыттар жашылданып, укмуштай кереметтүү гүлдөр жер жайнап чыгыптыр. Кожомкул жөнөкөй кызга үйлөнүп, балдарын багып, неберелерин тарбиялап өстүргөн, аларга катуу насаат айтып калтырган экен: башкаларга зыян келтирбегиле жана эч качан күчүңөрдү жаман иштерге колдонбогула. Ошентип, биз мында жашап жатабыз, Кожомкул балбандын сөзүн дайыма эсибизден чыгарбайбыз, жапжашыл жайыттардын бар экенине төбөбүз көккө жете сүйүнөбүз.

Суусамыр жайлоосу – видео

Суусамыр – Бишкек

Үйгө карай сапарыбыз – кубанычыбызды чайпалтьп төгүп албайлы, маанилүү бир нерсени байкабай калбайлы дегендей, жайбаракат, магдыраган жол улоо болду. Күн батып бара жатат, узарган көлөкөлөр туман сымал көшүлүп жатат, булуттар кызгылт түскө оролгондой. Чоң жүк ташуучу унаалар токтоп калган, бет алдыбыздан чыккан жеңил унаалар жай жүрүп бара жатат. Жол жээктеп дарыя агып, тирүү жандын баарысы ага умтулгандай. Дарыя башкача күчкө ээ,чындыгында эле, ал – тирүү, жандуу.

Биз токтоону пландаштырбадык, сөздүк корумдан “план” деген сөздү алып салганыма көп болду. Бирок жалгызсыраган дарыянын жанынан жөн эле өтүп кете албадык.

Учу-кыйырсыз ааламдагы кичинекей адам – мозаикадагы кичинекей чекит сымал, оюм-чийимдин негизги чылбыры – суунун жээгиндеги кайырмакчан киши. Ал бир абалда, тынч отурат, денесин бошотуп, өзүн таштап койгон сымал биз жанына барганыбызды да кеч байкады.

— Балык бар бекен? – деп, биз аны магдырап-көшүлгөн абалынан алаксыттык.

— Жок, — ал шашпай жай жооп берди.

— Такыр жок бекен?

— Бирөө да жок.

Үйгө карай жол

Шаршенбек байке жана дзен

Шаршенбек байке бул жерден он чакырымдай алыс жерде – Сосновкада жашайт. Жаңылыктардан Европа өлкөлөрүн каптаган улуу тумоодон жабыркагандарды көрсөтө баштаганда, анын айылдаштарынын эч кимиси телевизорго ишенген эмес. Борбордо жаңы оорудан каза болгондор тууралуу жаңылыктар айтыла баштаганда, чочулай башташкан. Вирустан айылдаштары өлө баштаганда, элдер чындап кооптонушкан.

— Мен балыкчы эмесмин. Атам балык уулоочу. Кичине кезимде аны менен чогуу дарыяга барчумун. Ага көп болду. Азыр бул жерде балык деле жок. Түшүнөсүзбү?

— Анда эмнеге келесиз?

— Менин 12 неберем бар – улуусу университетти бүтүп жатат, кенжеси бир жашка чыкты, а азыр мен алардын эч кимисин көрө албай жатам. Эң кичинекейлери –Даниэл, Нурэл, Марсэл менен да… Сизге кантип түшүндүрүп берсем… бул жакка келем, отурам, аркы-беркини ойлоном. Сууну тиктеп эс алам. Бир аз жеңилдеп калам…

Балыкчы. Видео

Даниэл, Нурэл, Марсэл үчүн айтылган жомок

Бир айылдагы бийик карагайлуу кичинекей үйдө мээримдүү сыйкырчы жашаган экен. Сыйкырчынын иши көп болчу – жомоктогудай токойду коргойт, бирде күндүн, анан жылдыздардын чаңын сүрөт. А жылдыз деген асман толтура! Карачы, алар асманда жайнайт. Жалгыз өзүнүн колунан келбейт. Ошентип, сыйкырчы 12 жардамчы алат. Аларга сыйкырчылыкты үйрөтө баштайт. Иш жакшы жүрө баштайт. Жылдыздар жаркырап, күн жапжаңыдай төбөдө жылтырайт. Керемет сулуулук! Шам сымал жылдыздардын жаркыраганы каардуу жезкемпирге жакпай калат. Ал бекинер, жашынар караңгы жер таппай калды да. Ошондо дуба-сыйкыр окуп, сыйкырчы менен анын жардамчыларын бири-биринен бөлүп салат. Жаш сыйкырчылардын ар бирине жылына отуз күндөн берип, бири-биринен ажыратат, ал эми акылман карыяны дарыянын жээгине отургузуп, алтын балык күттүрүп коет. Ошондон бери сыйкырчы суунун жээгинде алтын балык кармайм деп, сууга тешиле тиктеп, ага чагылган жылдыздарды карап, күн санап отурат. Ага алтын балыктын деле кереги жок, ал асманга жете албайт, ал эми окуучулары болсо жете алат, биринин артынан бири жылдыздардын чаңын сүрүп, ага-устатына алыстан көз ымдашат.

Бишкекке коюу караңгылык каптаган мезгилде кайтып келдик. Кызарган күн горизонтко жетип, күчтүү теректердин чокусунда кептелип калгандай, ошол жерде катып калгандай. Күндүн эч кайда шашпай жай каалгыганын жакшылыкка жорудум.

Диана Светличная

Бул материал “Сорос-Кыргызстан” фондунун колдоосу менен даярдалган. Бул материалдардын мазмуну автордун гана жоопкерчилигинде жана “Сорос-Кыргызстан” фондунун көз карашын чагылдырбайт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты