​Парламенттик шайлоо алдындагы үгүт онлайн форматта болот

  • 4 года мурун

Парламенттик шайлоо алдындагы үгүт иштери онлайн форматта өтөт.

Бул тууралуу БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова “Биринчи радио” эфиринде бүгүн, 28-июлда, билдирди.

Үгүт иштери депутаттыкка талапкерлердин тизмеси катталып бүткөндөн кийин жана добуш берүүгө 30 күн калганда, башкача айтканда 3-сентябрда өтөт.

“Биз партиялар жана шайлоочулар үчүн “Талапкер” деп аталган маалыматтык булакты иштеп чыктык. Анда жалпы маалымат жана партиялардан талапкерлердин тизмеси жарыяланат” деди Шайлдабекова.

“Талапкерде” саясий партиялардын программалары жарыяланат. Мыйзамдагы жаңы нормаларга ылайык,талапкерлердин тизмесин берген партия , беш күн ичинде гезит-журналдарга программасын жарыялап, аны БШКга бериши керек. Бул партиялар шайлоого кандай баратканын, алардын берген убадаларын билиши үчүн керек” деди ал.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты