8 медкызматкер коронавируска чалдыгып, 8и айыгып чыкты
- 4 года мурун
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 8 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
Анын ичинен Ош шаары жана Жалал-Абад облусунда – 3төн, Ош жана Талас облустарында -1ден.
8 медициналык кызматкер ооруканадан айыгып чыгарылды. Үй карантининен 34 медициналык кызматкер чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2691 учур катталды, алардын ичинен 1520 медкызматкер айыкты.
28-июлдагы маалымат боюнча Кыргызстанда бир суткада COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын 548 учуру катталды.
Иллюстрациялык сүрөт. Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү