Өкмөт: Саламаттык сактоо министри Абдикаримов кызматтан кеткен жок

  • 4 года мурун

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов кызматтан кеткен жок.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөттөн маалымат кызматы “Министр оорукадан чыкты. Ал учурда аралыктан иштөөдө. Жакынкы күндөрү ишке чыгат” деп кошумчалады.

Социалдык тармакта саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун кызматтан кетүүгө арыз жазганы айтылып жатат.

Буга чейин саламаттык сактоо министри жана анын орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавируска чалдыгып, инфекциялык ооруканада жатканы айтылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты