Эксперттер: ата-энелер карантин маалында балага өзгөчө көңүл бурушу керек

Баяндар

Коронавирус менен күрөш маалындагы аргасыз обочолонуу – ата-энелер жана балдар үчүн чоң сыноо болду. Психологдор ата-энелерди сабырдуулукка чакырып, бул маалда балдары менен мамиле кылуунун жаңы тактикасын иштеп чыгууга чакырат.

Бул макаланын оригиналы CABAR.asia аналитикалык платформанын веб-сайтында жайгаштырылган.

Боконбаев — Ысык-Көлдүн тескей жагындагы айылдардын бири. Жергиликтүү калк көбүнчөсү туристтик бизнес менен алектенишет, конок үйлөрдү жана боз үйлөрдү иштетишет. Чакан айылдын баардыгындай эле бул жерде дагы жаңылыктар чагылгандай тез таркайт.

Бул жолу дагы айылда өспүрүмдүн өзүнө кол салган окуясы көңүлдүн сыртында калган жок. 28-мартта күндүз, үйүнүн жанындагы сарайда 16 жашар өспүрүмдүн асылып турган денеси табылган.

Бала таежесинин үйүндө жашап жүргөн. Ал айылдын мектебиндеги 8-класста окучу, таежеси ошол эле мектепте мугалим эле. Айылдаштардын сөзү боюнча баланын атасынын көзү өтүп кеткен, а энесинин көптөн бери дайыны жок.

22-марттан баштап Кыргызстандын бардык территориясында өзгөчө кырдаал тартиби киргизилди, а 16-мартта окуучулар менен студенттер коронавирус инфекциясынын жугуусунун алдын алуу үчүн аралыктан окууга чыгышкан. Карантиндин башында Ысык-Көл областында гана 5 өспүрүм, анын ичинде Азамат дагы өзүнө кол салган.

Элмира Усенова. Сүрөт: Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү

«Өзүнө өзү кол салган өспүрүмдөр 11-14 жаштагылар болгон. Мындай фактылар Балыкчы шаарында, Ысык-Көл, Ак-Суу, Жети-Өгүз, жана Тоң райондорунда өткөн. Балдар 24 саат бою ата-эненин көзөмөлүндө болуп жатышат. Азыр алар өзгөчө көңүл бурууну талап кылууда. Ата-энелер сабырдуу болуңуздар жана балдарыңыздарды урушпаганга аракет жасаңыздар. Абдан өкүнүчтүү, ушундай учурда балдарыбыздан ажырап жатканыбыз», – деген сөзүн келтирди “Азаттык” радиосу Ысык-Көл облусунун толук укуктуу өкүлүнүн орун басары Эльмира Усенованын 31-мартта берген маалыматынан.

Социалдык өнүктүрүү жана эмгек министрлигинин маалыматы боюнча 2020-жылдын биринчи кварталында 32 бала өзүнө кол салган. 25-марттан 30-апрелге чейин чейинки карантин маалында 13 өзүнө кол салуу болгон. 2019-жылы өспүрүмдөрдүн 62 өзүнө кол алуусу болгон.

Эксперттер мындай жаман кадамга баруунун негизги себептерин аныкташкан: ата-энелер менен урушуп кеткендиги, оорулар, сүйүүнүн айынан, достору менен талашып-тартышуу.

«Өзүнө кол салуу карантин маалында да, ата-энелеринин такай көзөмөлүндө болгондо да болуп жатат. Бул ата-энелер менен балдардын ортосундагы мамилелердин кризиси бар экендигин, ата-энелерде балдарынын көйгөйүн түшүнүү боюнча көндүмдөрүнүн жок экендигин билдирет. Мындан бөлөк, кырдаалга интернет-чөйрө дагы терс таасирин тийгизип жатат», – деп эсептейт Үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык кызмат көрсөтүү бөлүмү боюнча адис Мира Шарапова.

Анын сөзүнө караганда Социалдык өнүктүрүү министрлиги башка мекемелер менен биргеликте жылыга балдар жана жаштар арасындагы өзүнө кол салуунун алдын алуу боюнча план иштеп чыгышат. Бул топко Социалдык өнүктүрүү министрлиги, ИИМ, Саламаттыкты сактоо министрлиги, билим берүү министрлиги, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдары кирет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу аркылуу окуучулар менен биргеликте тренингдер өткөрүлөт.

«Биз билбеген зордук-зомбулук»

Адистер балдардын обочолонуусу жана такай үйдө болуусу алардын коргонуусуна терс таасир этти дейт. Кээде көптөгөн көйгөйлөр мектепте, педагогдор же классташтар баланын жүрүм-турумундагы өзгөрүү байкалганда же зордук-зомбулуктун белгисин көргөндө ачыкка чыкчу.

Динара Давлетбаева. Сүрөт: ЮНИСЕФ Кыргызстандын видеосунун скриншоту

Бишкек шаарынын мэриясындагы Балдарга жардам берүү борборунун жетекчиси Динара Давлетбаеванын ою боюнча балдарга карата зордук-зомбулук көрсөтпөгөн ата-энелер карантин маалында да антпейт, тарбиянын андай жолуна өтпөйт.

Бирок, зордук-зомбулук бар үй-бүлөлөрдө карантин маалында туугандары тараптан агрессияга кабылуу мүмкүнчүлүгү көбүрөөк.

«Мурда бала канчадыр бир убакытка мектепке кетип, үйдө жок болчу, ал чоңдордун кыжырын келтирбөөчү. Эми алар 24 саат бою үйдө болууга мажбур болууда», – дейт Давлетбаева.

Анын үстүнө, балдардын абалын үй-бүлөдөгү социалдык-экономикалык шарттын кыйындашы да оорлотууда. Адамдын кыжырын келтире турган жумушсуздук, кирешенин, тамак-аштын жоктугу жана башка факторлор бар.

«Ата-энелер коронавирусту жеңе албайт, өкмөткө же президентке колу жетпейт, анан албетте, ошол ачуусун үй-бүлө мүчөлөрүнө чыгара баштайт, – дейт ал. – Бул шартта балдар гана эмес, кары-картаңдар, майып үй-бүлө мүчөлөрү жүк катары кабыл алынат».

Балдарга жардам берүү борборуна чоңдор көп чалышууда. Анын себеби – туугандары, өнөктөштөрү анын ичинде балдары менен мамиледеги көйгөй. Давлетбаеванын сөзү боюнча, ооруга байланыштуу обочолонуу көптөгөн балдарга жардам берүүгө мүмкүнчүлүк бербейт.

«Карантинге камалуу шарты биз билбеген зордук-зомбулуктун өсүүсүнө түрткү берди, себеби бул адамдар сыртка чыгып, арыздана алышпайт. Шаар ичинде жүрүүгө тыюу салынды жана алар телефон аркылуу дагы жардам сурай алышпады, себеби ата-энелер аларды такай көзөмөлдөп жатышты. Эгерде бала арызданса, ата-эне үчүн аны сабаганга дагы себеп болмок. Эгерде биз билбей калсак эле зордук-зомбулуктун жок экендигинен кабар бербейт да», – деп билдирди Давлетбаева.

Пандемия маалындагы дүрбөлөң түшүргөн маанай ата-энелердин балдарды коргоо боюнча консультация алуу үчүн даярданууга терс таасир этти.

Назгүл Турдубекова. Сүрөт социалдык тармактардан

«Ата-энелер менен байланыш түзүүгө жана аларды балдарын сабабаганга чакыруу оор болду. Эгерде жөнөкөй маалда алар жардам алганга даяр болушса, мындай учура бири-бирин түшүнүшүүгө жетишүү кыйын болду. Биз ата-энелерге кеңеш берели дегенде алар дайыма эле кулак түрө беришчү эмес. Кырдаал жүрөккө так салды да адамдар коркуп калышты. Бир жагынан алар оору жугузуудан коркушса, экинчи жагынан – балдар менен көйгөйлөр», – дейт «Балдардын укугун коргоо лигасы» коомдук фондунун директору Назгуль Турдубекова.

Кыймыл-аракетке чектөө жана коменданттык саат балдардын коопсуздугу менен иш алып барган коомдук уюмдардын ишин татаалдантты. Назгуль Турдубекова карантин маалында кризистик учурлар болгондо жардам берүү көптөгөн проблемага туш келгендигин белгилеген.

«Биз дагы эл катары эле тез жардам бере албай, чектөөдө калдык.

Коменданттык саат киргизилгенден кийин биз зордук-зомбулук көргөндөрдү үйүнөн алып кете албадык, өзүбүз дагы ал жакка бара албадык. Бул албетте, эң орчундуу проблема», – дейт Турдубекова. Ошону менен катар, анын сөзүнө караганда, иш боюнча зарыл жерлерге баруу көйгөйүн жергиликтүү бийликтин жардамы менен чечкенге мүмкүн болду.

«Биз өзүбүздүн ишибизди Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы социалдык өнүктүрүү башкармачылыгындагы өнөктөштөр берген транспорттун жардамы менен аткара алдык», – деп белгилеп кетти Турдубекова.

Балдарды аралыкта окутуу зомбулуктун себептеринин бири катары

Укук коргоочу Турдубекованын сөзү боюнча балдарга карата зомбулуктун себептеринин бири – окуучулардын аралыкта окуусундагы беттешкен көйгөйлөр болду.

Карантин маалында «Балдардын укугун коргоо лигасы» коомдук фондуна гана 150 эне кайрылган, анын 40ы баласынын окуусундагы проблемага арызданган.

Окуучу сыналгыдан кыргыз тили сабагын көрүп жатат. Сүрөт: Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы

Кыргызстанда аралыкта окутууну киргизүү бир катар социалдык проблемаларды ачыктады. Кээ бир үй-бүлөлөрдө смартфон тургай, видео сабакты караганга телевизору да жок экен. Бул проблеманы чечүү үчүн жергиликтүү бийлик үй-бүлөлөрдү телевизор менен камсыздоо боюнча иш башташты. Ошондо дагы көптөгөн балдар онлайн-сабактарга жеткиликсиз калууда. Билим берүү министри Каныбек Исаков, 15-майда парламенттин депутаттарынын суроосуна жооп берип жатып, аралыктагы окутууга толук кандуу катышуу үчүн бүгүнкү күнү 4 000 үй-бүлөдө телевизор жок экендигин, ошондой эле 30 миң окуучу смартфон менен камсыздалбагандыгын айткан.

Балдарга сабак окутуудагы кыйынчылыктар балдарга көп көлөмдөгү тапшырма берилгендигине жана аларды аткарууга убакыттын жетишпегендигине байланыштуу деп белгиледи Билим берүү министри Исаков шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилиги менен онлайн-чогулуш маалында.

Эгерде мындай кырдаал биринчи убакытта байкалып жаткан болсо, азыр мугалимдер кайтарым байланышка көбүрөөк чыгышып, окуучулардын тема боюнча суроолоруна жооп беришип жатышты. Борбордогу мектептин биринин мугалими Гулжамал Жусупова алынган материалды иштеп чыгуу талап кылынган онлайн-сабакка улашууда балдар көптөгөн кыйынчылыкка туш болуп жатат деген.

«Техникалык себептерге байланыштуу бардык эле балдар онлайн-сабактарга убагында жана ийгиликтүү улаша албайт, ошондуктан биз түшүнүү менен мамиле кылабыз», – дейт Жусупова.

Бирок көптөгөн балдар интернет бар болсо да, сабакка улаша алса да онлайн режимде тапшырма аткарууда проблемаларга туш болуп жатышат.

«Балдар сабакты аткара албай жатышканда ата-энелердин кыжыры келип, сабаганга да жетип кете баштаган. Өзүнүн кайрылууларында ата-энелер балдарынын окуудан баш тарткандыгын жана көңүл коё албай аткандыгын билдиришкен. Балдарды отургузуп алып онлайн окутуу кыйынга турду. Ата-энелер дагы моралдык колдоого муктаж болушту. Мындай учурда аткарылган сабак эмес, психологиялык бейпилдик тартуулаган атмосфера чоң артыкчылыкка ээ», – дейт укук коргоочу Турдубекова.

Зордук-зомбулукту колдогон коом

Апрель айында социалдык тармактарда жана WhatsApp мессенджерде 9-10 жашар баланы жерден колу менен түртүлүү көнүгүүсүн жасаганга мажбурлап сабаган видео жайылып кеткен. Видео пайдалануучулардын катуу реакциясын пайда кылган, алар агрессорду таап, жазалоону талап кылышкан. Окуя Акыйкатчынын жана укук коргоочулардын көзөмөлүнө алынган жана алар атаны сабалган баладан жана башка балдардан бөлүүгө чакырышкан.

Атасы баласын сабаган видеонун скриншоттору

Эксперттердин сөзү боюнча кээ бир кыргыз үй-бүлөлөрүндө зомбулук көрсөтүү колдоого алынат. Улуулардын: «Мени деле сабаган, бирок мен адам болуп чоңойдум го» же «тарбия максатында уруу керек» деген сөздөрүн укса болот. Ошентип, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук муундан муунга өтө бериши мүмкүн.

«Кээ бир ата-энелер балдарды урса болот жана балдарды уруш керек деп, бул аракети менен аларды жаман иш кылбаш үчүн тартипке чакырып жатам деп ойлошот, - дейт психолог Динара Давлетбаева. Бирок мындай кырдаалдын экинчи жагы дагы бар. Бала өзүн кем сезип чоңоюшат, башка бирөөлөргө карата агрессивдүү мамиле кылат, улууларга ишенбей калат. Ал жазадан качып, алдашы мүмкүн. Кийин ата-энелер балдары эмне себептен алдамчы жана коркок болуп калды деп таң калышат».

Милициянын кызматкерлери жайылып кеткен видеодогу уулун катуу сабап жаткан эркектин кимдигин аныкташкан. Ал үй-бүлөсү менен Москвада жашап жаткан 35 жаштагы эркек болгон. Москванын Тергөө комитети Россия Федерациясынын 117-беренеси (Уруп-согуу), 156-беренеси (жашы жете элек баланы тарбиялоо милдетин аткарбагандык) менен кылмыш ишин козгогон. Кыргызстандык эркек териштирүү маалында эки айга камалган.

Психолог Динара Давлетбаева ал адамды да бала чакта ошол усулдарды колдонуп тарбиялаган болуш керек деп божомолдоодо.

«Жарандарга баланы мындай метод менен тарбиялоо кылмыш жоопкерчилигине алып келет, балага карата зомбулуксуз тарбиялоо методдорун пайдалануу керек деп түшүндүрүү оң. Азыр интернет айдыңында пайдалуу маалыматтар көп, баланын жашоосундагы тигил же бул кырдаалдарды кандай кабыл алуу керек, ачууңуз келсе эмне кылса болоорун билсе болот. Эмне үчүн мындай болуп жаткандыгын түшүнүү зарыл. Балким бала сиздин жиниңизге тийиш үчүн антпегендир, жаш курагынын өзгөчөлүгү ошого түртүп жаткандыр», – дейт Давлетбаева.

Көп балалуу үй-бүлөлөр жөнүндө миф жана үй-бүлөнү пландоо

Адистер зордук-зомбулук көп үй-бүлөлүүлөрдүн жана аз камсыз болгондордун үйүндө жолугат деген жаңылыш пикирде болушат.

Укук коргоочу Турдубекова үй-бүлөдө көп балалуулук менен балдарга карата зомбулукту колдонуунун эч кандай катышы жок деди фонддун тажрыйбасын келтирүү менен.

«Бул чоңдордун жеке сапаттарына көз каранды. Кыргызстанда 3-4 бала – стандарттуу үй-бүлө. Балдарга карата зордук-зомбулуктун жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн бири-бири менен эч байланышы жок. Жана мындай ой-пикир көп балалуу үй-бүлөлөргө карата жек көрүүнү пайда кылышы мүмкүн», – дейт Турдубекова.

Тескерисинче, укук коргоочунун пикири боюнча көп балалуу үй-бүлөлөрдүн басымдуу бөлүгүндө балдар бири-бири жөнүндө кам көрүшө жана өз алдынча боло турган атмосфера түзүлөт.

Кыргызстанда чоң үй-бүлө. Сүрөттөлгөн көйгөйгө тиешеси жок иллюстрациялык сүрөт. Сүрөт: sputnik.kg


«Көп балалуу үй-бүлөлөрдө көп артыкчылыктар бар, эгерде ата-энелери алкоголизм менен ооруп, баш-аламан жашоо образын жашагандан алыс болсо. Алсак, айылда жашаган катардагы көп балалуу үй-бүлө болсо, анда алар сөзсүз мал кармашат, жер үлүшү бар орто катмарлагы байлар. Мындай жагдайда көп балалуу үй-бүлөлөргө сын таккандын ордуна колдоо керек. Жакырдык зордук-зомбулуктун себеби боло албайт, зомбулукту токтотуу үчүн акча каражатынын кереги жок, колду гана көтөрбөш керек», – деп билдирди укук коргоочу Турдубекова.

Психолог Динара Давлетбаева зомбулукка аз камсыздалган жана көп балалуу үй-бүлөлөр кабылат деген, көпчүлүккө жайылган пикир туура эмес деп баса белгиледи.

«Биз бай, 1-2 баласы бар үй-бүлөлөрдө деле катуу зордук-зомбулук көрсөткөндөрдү, жада калса бир жерин сындырып жана майып кылганга чейин баргандарды көрүп жүрөбүз. Адамдардан көп нерсе көз каранды, кээде бул нерсени түшүнүү абдан кыйын», – дейт Давлетбаева.

Ошону менен бирге балага карата зомбулуктун фактору катары – ата-энеси пландабай боюна бүткөндүк болушу мүмкүн.

Боюнда болууну пландоо баланы тарбиялоо методдоруна таасир бериши мүмкүн эмес, бирок бала сүймөнчүк эмес болсо бул факторду эсепке алуу керек.

«Кээ бир үй-бүлөлөрдө балага аны жакшы көрбөгөндө зордук-зомбулук көрсөтүлөт. Үй-бүлө балалуу болууну сөзсүз пландашы керек, бул үй-бүлөлөрдүн кедейликке кириптер болуусунун алдын алат жана баланы зарыл нерседен куру калбашына жардам берет. Бирок, өкүнүчтүүсү, бизде көбүнчөсү: «Бала төрөлсө ырыскысы менен келет, аны менен береке кошулат. Кудай аны ырыскысынан куру калтырбайт» - дешет. Мен Кыргызстанда үй-бүлөнү пландоо жайылтылган эмес дээр элем», – дейт психолог Давлетбаева.

Боюна бүтүү жөнүндө маалыматты интернеттен да тапса болот, бирок өспүрүмдөрдү сексуалдык тарбиялоо өтө орчундуу маселе бойдон калууда.

«Бул тема бизде уят, башында ата-энелер балага муну билүү өтө эрте дешет, анан эле кеч болуп калганы аныкталат. Эгерде ата-эне менен мектеп бул темага сүйлөшпөсө, бала ага ким айтып берээрин таап алат. Бирок ал маалыматты кандай түрдө жана кантип, кимден алаары башка кеп. Маалыматты туура жеткирүү парз», – деп эсептейт Давлетбаева.

Балага карантин маалында кантип жардам бериш керек?

Карантин маалында балага жардам берүү үчүн Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин адистери ата-энелерге төмөнкү кеңештерди берди:

Бала үчүн көнүмүш күн тартибин сактоо;

Ата-энелер баланын кетирген каталарына эмес, окууга болгон аракеттери менен дилгирлигине ыклас коюулары зарыл;

Балдарды ата-эне теманы түшүнбөгөндүгү үчүн урушпаганы оң;

Балдардын көңүлүн гана көтөрбөстөн, кайсы мугалим менен кайсы сабактын болушу, качан байланыш керектиги жөнүндө сабактардын көркөмдөлгөн, аларга жардам берген кызыктуу жүгүртмө түзүп бериши керек;

Ата-энелер бала жалгыз эмес экендигин, буга бүткүл дүйнөнүн балдары катышып жаткандыгын айтып, көңүлүн жубатып туруш керек;

Балдарды чектебестен, алардын чыгармачыл потенциалын жана кыялдануусун колдоо зарыл;

Эгерде аралыктагы окуу процесси менен байланышкан үзүлүш болсо, аны терс эмоция менен кабыл албай, кыйкырып же кыжырданып, туталанбаш керек;

Ар бир күндүн аягында балдар менен бирге жасалган иштерди анализдеп, жакшы окуяларды белгилеп койгон жакшы.

Эгерде сиздин балаңыз зордук-зомбулукка туш болуп жатса балдарга күнү-түнү жардам берүүчү 111 ишеним телефондоруна чалуу зарыл. Ал Социалдык коргоо министрлигинин астында ачылган жана 2105-жылдан бери 111 балдарга жардам берүү үчүн иштейт.

Ведомствонун адиси Мира Шарапованын маалыматы боюнча 2020-жылдын биринчи кварталында аларга 34 миң 531 кайрылуу катталган, бул өткөн жылдын бул аралыгына чейин 39%га көп. Ошондой эле мамлекеттик органда өзгөчө кырдаал учурунда балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чаралар өткөрүлүп жатат деп билдиришкен.

Психологдор зордук-зомбулукту башынан өткөргөн бала ошол зомбулукка үйрөнөт, коркок жана тынчы жок болот, аны бирөө сүйөөрүнө ишенбейт, өзүнө ишенбей калат дейт.

Баяндар