​Бишкектин менчик мектептери: коронавирус коронавирусу менен, а төлөм өз учурунда

Баяндар

Бишкек шаарындагы кээ бир менчик билим берүү мекемелеринин ата-энелери төлөмдөр боюнча кандайдыр бир жеңилдиктердин жок болгондугуна арызданууда.

Бул макаланын оригиналы CABAR.asia аналитикалык платформанын веб-сайтында жайгаштырылган.

Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаалдын күчөгөнүнө байланыштуу, Кыргызстандын бардык билим берүү мекемелери менчик формасына карабастан 8-апрелден баштап аралыктагы окуу формасына өтүшкөн. Мамлекеттик мектептерде кандай болбосун акча каражатын чогултууга катуу тыюу салынган. Ал эми менчик билим берүү мекемелеринин кырдаалы бир топ кыйын болууда – карантин маалында көптөгөн ата-энелердин балдары үчүн билим алуусун төлөгөнгө шайы келбей калды, бирок менчик мектептердин мугалимдери так ошол, ата-энелер берген акчанын эсебинен эмгек акы алышат.

Бишкек шаарындагы «Звёздочка» менчик мектебинде окуган балдардын ата-энесинин бири өзүн изоляциялоо режиминин киришинин, анын артынан финансылык оорчулуктун башталышынын айынан ал жана башка ата-энелер мектептин директоруна окуу үчүн төлөмдү жарымына чейин арзандатуу өтүнүчү боюнча кайрылышкан. Мектептин администрациясы түшүнүү менен кабыл алып, бирок бир аз гана жеңилдетүүгө - тамак-ашка кеткен чыгымга жеңилдик берген.

«Окуучулар онлайн-окутууга өткөндүгүнө жана алардын чыгымы азайганына карабастан, тамак-ашка гана жеңилдик беришти – дейт аты-жөнүн билгизгиси келбеген бир ата-эне. – Менин тааныштарымдын башка мектепте окуган балдары үчүн мындай жеңилдик да берилген жок. Кээ бир мектептер бардык өткөн айлар (май, апрель жана март) үчүн толук сумманы алышкан. Ал эми карантин маалында ишинен ажырагандар балдарын окуудан чыгарышып кетишти».

Маектештин сөзү боюнча, өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал алиге чейин белгисиз бойдон калгандыгына карабастан, мектеп балдардын ата-энесине катаал шарттарды койду – балдардын окуусу үчүн сентябрь айы жана келээрки окуу жылынын жай айларына – 1-июнга чейин акча төлөө.

«Анын үстүнө, мектеп сентябрь айында да мурдагыдай эле иштейби же жокпу белгисиз, – деп сөзүн улайт ал. – Пандемияны эсепке алып, жай айлары үчүн төлөмдү азайтып койсо болмок. Алар муну ар бир баланын ордун ээлеп коюш керек деп түшүндүрүшүүдө. 13 200 сом сентябрь айы жана 6 миң сом жайкы айлар үчүн. Ким 1-июнга чейин акча төлөбөсө автоматтык түрдө мектептен чыгарылат».

«Канча болсо дагы акча төлөөңөрдү өтүнөбүз»

«Звездочка» мектеп-комплексинин директору Надежда Денисенко бул талаптарды мугалимдердин айлыктары, имаратты ижаралоо, коммуналдык төлөмдөр жана имараттын күнүмдүк оңдоолору кирүүчү чыгымдардын сметасын түзүүгө байланышкан деп түшүндүрдү. Директордун сөзү боюнча сентябрь жана келээрки жай айлары үчүн акча төлөө бала ушул мектепте калып окуй тургандыгынын кепилдиги катары зарыл. Бирок ал кырдаалды эсепке алуу менен ата-энелердин арызы боюнча толук көлөмдөгү төлөмдү жылдын башына чейин калтырып койсо болоорун ишендирди.

«Мурда мындай эле: алар май айы үчүн төлөшчү анан кетишчү, ал эми биз жай айларына ижарага каражат төлөшүбүздү түшүндүрүү үчүн аларды издеп отурушубуз керек. Анда мен аларды каерден табам? – деп суроо салат «Звездочканын» директору – Ошону үчүн жай үчүн сентябрга төлөгөндөй эле жаңы окуу жылынын башында төлөшүн чечкенбиз. Жаңы ата-энелер келишет, а мен аларды ала албаймын, себеби мурдагы окуучуларым кайра келишеби же келишпейби – билбейм. Ошону үчүн канча акча болсо да ошончону төлөп коюусун өтүнөбүз».

Мектеп жайгашкан имараттын ээси төлөмдү төмөндөткөнүнө карабастан, окуу үчүн төлөмдү бир топ өлчөмдө төмөндөтүү болбосун, Денисенко ошол акчалардан бала бакча-комплексинин персоналынын эмгек акысын төлөп жатканын билдирген – а алардын кызматын төлөө толугу менен токтотулган.

Ыктыярдуу милдеттенмелер

Карантиндин узарышынын айынан үй-бүлөлөрдүн финансылык кыйынчылыктары буга окшогон жарандардын кайрылуулардын санын көбөйүүсүнө, жада калса менчик окуу жайларынын баарына бирдиктүү тарификацияны киргизүүнү же акы төлөөнү такыр алып салууну талап кылуусуна алып келди. Апрелдин ортосунда бул жөнүндө ЖМКга, укук коргоочуларга жана акыйкатчыга коллективдүү кат жөнөтүлгөн. Буга жооп кылып, КР Билим берүү жана илим министрлиги менчик билим берүү мекемелеринин жетекчилерине окутуунун дистанттык формасына өткөндөн кийин мектептерге корогон чыгымдар абдан кыскаргандыгын эске салуу менен ата-энелердин форс-мажордук кырдаалда кирешеден ажырагандыгына байланыштуу алардын өтүнүчүн кабыл алууга чакырган. Кайрылуу кеңеш мүнөздө болгон.

Гульшан Абдылдаева. Фото: sputnik.kg

«Биз менчик мектептердин ишмердигине киришпейбиз жана алардын эмне кылышы керектигине көрсөтмө бере албайбыз, – дейт КР Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки, мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Гульшан Абдылдаева. – Биз окуу процессин керектүү деңгээлде өткөрүүсүн гана талап кыла алабыз. Бир гана нерсени – ата-энелер балдардын окуусу үчүн төлөмдүн баарын бир бере албаса, бөлүп төлөшүнө мүмкүнчүлүк берүүсүн өтүнгөнбүз. Ал эми төлөмдү төмөндөтүүнү өтүнө албайбыз. Биз эч болбосо тамак-ашка, канцтоварларды жана башкаларды сатып алууга тийиштүү пункттарды алып салууга кеңеш бергенбиз».

Бир ай мурда, ата-энелердин көптөгөн кайрылууларынан кийин Жогорку Кеңештин депутаттарынын тобу профилдик ведомствонун менчик билим берүү мекемелерине окуу үчүн төлөмдү 50%га төмөндөтүү укугун берген мыйзам долбоорун даярдашкан.

Бирок, өткөн мөөнөттө документ парламенттин профилдик комитети тарабынан каралган жок. Мыйзам долбоорун демилгелегендердин бири Дастан Бекешовдун сөзү боюнча депутаттардын бул демилгеси иштеп жаткан чакырыктагылар кеткенче палатанын кароосуна коюлушу күмөндүү деп билдирген.

«Демилгечилердин арасында комитеттин мүчөлөрү болсо да алар эмнеге карабайт – билбейм, – дейт Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев. – Сурап жатам: эртең-эртең дешет, мына андан бери убакыт бир айдан ашты. Балдар бакчасы мыйзамды демилгелегенден кийин шак эле төлөмдү алып салды. Жождор, өкүнүчтүүсү, эч кандай келишпей жатат, менчик мектептер ар кандай реакция кылып жатышат. Бирок, басымдуу бөлүгү арзандатууга барышты. Биз аз гана отурум өткөрө алабыз, жетишпейбиз деп ойлобойм. Эгер комитетте гана шаштырып калбаса. Бул мыйзамды кабыл албашыбызга кызыкдарлар барбы, аны айта албайм».

Ыктыярдуу тандоо

Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча республика боюнча 2300 орто мектептин ичинен 140 мектеби менчик болуп эсептелет. Алардын көбү Бишкек шаарында жайгашкан. Окуу үчүн бир ага төлөм орточо эсеп менен 50-1000 АКШ долларын түзөт, жыл үчүн болсо – от 400-9000 АКШ доллары. Өлкөнүн орто билим берүүчү мекемесинде окуган окуучулардын жалпы саны 1 млн 300 миң, анын ичинен 28 миң окуучу менчик мектептерде окуйт.

Бул кырдаалды эсепке алып, аталган мекемелердин басымдуу бөлүгү эмки окуу жылына чейин окутуунун баасын 20дан 45 пайызга чейин түшүрүштү.

Башкалар мындай мүмкүнчүлүктү таба алышпады. Бул мектептердин өкүлдөрү муну алар да башка мугалимдердей эле үй-бүлөсүн багышы керектиги менен түшүндүрүшүүдө. Алар балдарынын окуусу үчүн акча төлөй албаган кээ бир ата-энелер менен кош айтышаарын моюнуна алышууда. Алардын так саны жөнүндө маалыматты мектептердин администрациялары жашыруун экендигине шылташып, баш тартышууда.

Бул жөнүндө ачык айтуудан тигил же бул мектепти таштаганга мажбур болчу балдарынын кийинки жагымсыз кесепетинен санааркаган ата-энелер дагы айткылары келбейт. Юристтердин ою боюнча төлөмдү кийинкиге жылдырууну, анын баасын төмөндөтүүнү же такыр эле төлөбөй коюуну сот аркылуу жүзөгө ашыруу такыр мүмкүн эмес. Мыйзамда мындай кырдаалдар такыр каралган эмес. Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча адистешкен Владимир Плужниктин сөзү боюнча мыйзамда форс-мажор төлөөдөн бошотулбайт.

Владимир Плужник. Фото: kbcity.kg

«Милдеттерди аткарбай койгондук үчүн жоопкерчиликтен бошотууга гана жол берилет. Мисалга, окутууга акча төлөөнү кечиктиргендиги үчүн пеня, – дейт юрист. – Мындай кырдаалдарда башка мыйзамдар жок. Жарандык кодексте форс-мажор бир гана беренеде жазылган. Ал жерде мамлекеттик органдардын кайсы болбосун токтому жумушка кедергисин тийгизүүчү өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал деп айтылган эмес. Бирок, онлайн-окутууга мыйзам тарабынан туюу салынбагандыгына жана ал пайдаланылгандыгына байланыштуу анын кызматын төлөө милдети кала берет».

Профилдик ведомстводо мындай кырдаалды чечүүнүн эки жолун гана сунушташы мүмкүн: же кандайдыр бир макулдашууга келүү же мектебин алмаштыруу.

Мамлекеттик мектептерде ата-энелердин жардамы тийди

Ошондой болсо да, Билим берүү жана илим министрлигинин көзөмөлүндөгү мамлекеттик мектептерде карантин маалында кандай болбосун акча каражатын чогултууга катуу тыюу салынган. Мугалимдерге эмгек акысы мамлекет тарабынан төлөнөт. Бирок, кээ бир мектептердин директорлорунун айтуусу боюнча финансынын жетишпегендигине байланыштуу, ата-энелердин жардамысыз эң бир жөнөкөй маселелер да чечилбейт. Өзгөчө кырдаал да буга кереги эмес.

«Биз мектепте ата-энелердин жардамы менен гана дезинфекция иштерин жасадык. Антисептик, маска сатып алдык, дене табын текшерүү үчүн градусник да алдык. Мунун баарына 30 миң сомдой акча кетти. Мамлекет бул кем-карчыбызга бир тыйын дагы бөлүп бербеди. Мурда кандай жок болсо, азыр деле ошондой жок», – дейт борбор калаанын №24-мектеп-гимназиянын директору Анара Абдураимова.

Эгерде каражаттарды чогултуу коопсуздук иш-аракеттерине байланыштуу болсо, мисалга, мектептин ремонтуна, анда тыюуга карабастан карантин маалында дагы ата-энелерден акча түшө берди. Бул маселе боюнча арыздар Билим берүү министрлигинин өкүлү Гульшан Абдылдаеванын сөзү боюнча күндө түшүп турду. Өкүнүчтүүсү, арыздардын көбү анонимдүү болчу жана мындай фактыларды аныктоо кыйынга турду – деп кошумчалайт ал.

Кээ бир ата-энелердин телефонго жазып алган фактыларын көрсөтүүсү боюнча беш мугалим дисциплинардык жоопко тартылды. Генералдык прокуратурага берилген арыздар боюнча учурда алты мектептин директорунун иши каралып жатат. Алар сөгүш алуу менен кутулуп кетиши толук мүмкүн, себеби КР Эмгек кодексинде кызматкерди ӨК маалында иштен чыгарууга тыюу салынган.

Баяндар