«Коопсуз шаар» долбоорунан түшкөн айыппулга «Тез жардам» автоунаасы алынат

  • 4 года мурун

Премьер-министр Кубатбек Боронов милдеттүү медициналык камсыздоо фондуна «Коопсуз шаар» долбоорунан түшкөн 145 млн. сомго «Тез жардам» автоунааларын сатып алуу үчүн тийиштүү документтерди даярдоону тапшырды.

Бул тууралуу өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Өкмөттүн 2019-жылдын 18-февралындагы №56-токтомуна ылайык, долбоорго тартылган мекемелер арасындагы бөлүштүрүүдөн соң, каражаттын калган бөлүгү республикалык бюджетке түшөөрү каралууда.

Аталган токтомго ылайык, 50% калдык максаттуу түрдө милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун кызыкчылыгында «медициналык «Тез жардам» автоунааларын алуу жана аларды тийиштүү медициналык жабдуулар менен камсыздоо үчүн» топтолоору тууралуу талап киргизилген.

Бул багытта саламаттык сактоо министрлиги тийиштүү даярдык иштери баштады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты