​Башкыртстандык дарыгерлер Кыргызстанга жардамга келишти

  • 4 года мурун

Кыргызстанга орусиялык дарыгерлердин кезектеги тобу келди.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 23-июлда “Манас” аэропортуна Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин учагы келип конду.

Бул учак менен Бишкекке Башкыртстандан 50 медицина кызматкери жеткирилди. COVID-19га каршы күрөшүүдө алар беш топко бөлүнүп иштешет.

Медициналык делегациянын курамында хирург, кардиолог, терапевт, педиатр, травматолог, анестезиолог-реаниматолог, инфекционист, пульмонолог жана башка адистер бар. Буга чейин алар баары коронавирусту дарылоого катышканы, Кыргызстанда үч ай иштей турганы айтылды.

Башкыртстандык дарыгерлер Бишкек шаарынын, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын ооруканаларына бөлүштүрүлөт.

Буга чейин Кыргызстанга Орусиядан 120 медкызматкер келген.

Жазында коронавируска каршы иш тажрыйбасы менен Польшадан жана Кытайдан келген дарыгерлер бөлүшүп кетишкен.

Кыргызстанда бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 30 миңден ашты, алардын ичинен 2500дөн ашууну дарыгерлер. Миңден ашуун адам көз жумду.

Сүрөт:med.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты