​Мигрант кыздарга карата зомбулукка чакырган видео иликтене баштады

Кыргыз милициясы Орусияда башка улуттун өкүлдөрү менен жолугуп жүргөн кыргызстандык мигрант кыздарды жазалоого чакырган видео боюнча териштирүү баштады.

Бул тууралуу 22-июлда Кыргызстандын Ички иштер министрлиги кабарлады.

Министрлик Орусиядагы өкүлчүлүгү интернеттеги жана социалдык түйүндөрдөгү маалыматтарды көзөмөлдөп турарын, эгерде укукка жат контент табылса орусиялык кесиптештери менен бирге тийиштүү чара көрөрүн эскертти. Жакында мекеме өкүлдөрү Орусиядагы кыргыз диаспорасы менен жолугуп, мекендештердин мыйзамсыз чакырыктарын токтотуу үчүн аракет көрүү маселесин талкуулашканын билдирди жана мындай иш үчүн жоопко тартуу каралганын белгиледи.

21-июлдан бери интернетте Москвадагы кыргызстандык мигрант балдар топтолуп, кыргыз кыздар башка улуттун өкүлдөрү менен жүргөнүн көрүп калышса аларга карата күч колдонууга чакырган видео тарап жатат.

Кыргызстандык укук коргоочулар жана активисттер ар бир адам өз жашоосу үчүн жеке өзү гана жооптуу экенин айтып, зомбулукка үндөгөн ошол мигранттарды таап жазалоону талап кылып жатышат.

Орусияда кыргызстандык эмгек мигранттарынын саны 1,2 миллионго жакын экенин былтыр элчилик маалымдаган болчу. Алардын көбү тейлөө, курулуш тармагында эмгектенишет.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты