​Жоошев: Батукаевдин ишин шаардык сотто шашылыш кароо мыйзамсыз

  • 4 года мурун

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу ишти кароо экинчи инстанцияда Бишкек шаардык сотунда 23-июлда каралмай болду.

Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев билдирди.

Замир Жоошев биринчи инстанция өкүмү 23-июнда чыкканын белгилеп, алар 23-июль күндү кошкондо 30 күнгө чейин даттанууга укугу болгонун, аларды күтпөй эле соттук кароо шашылыш белгиленгенин жазды.

«Бул жагдайда Бишкек шаардык соту иш боюнча айыпталуучуларды актоого же тескерисинче биринчи инстанциянын мыйзамсыз, негизсиз жана акыйкатсыз чечиминин мыйзамдуу күчүнө киргизилишине шашылып жатат» деп белгилейт Замир Жоошев.

Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы иштин датасы 23-июлга белгиленгенин «Азаттыкка» ырастап, бул иш жашыруун грифи менен каралып жаткандыктан, кайсы тараптын даттанганы тууралуу маалымат бере албай турганын билдирди.

23-июнда Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди «Батукаевдин иши» боюнча өзүн жана жакындарын мүлктөрүнөн ажыратуу менен 11 жыл эки айга эркинен ажыратылган.

Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева да күнөөлүү деп табылып, ага 5 миллион сом айыппул салынган. Мамлекеттик чиндеринен жана мамлекеттик наамынан ажыратылмай болгон.

Мурдагы президент жана анын тарапкерлери бул айыптоолордун бардыгын саясий буюртма катары баалап келатат.

Кримтөбөл Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтенип, сотко ошол жылдын октябрында өткөн. Буга байланыштуу Атамбаев былтыр Кой-Таштагы операцияда кармалган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты