Екатеринбургда кыргыз жана тажик мигранттары мушташты (Видео)

Орусиянын Екатеринбург шаарында 18-19-июлда кыргыз жана тажик мигранттарынын ортосунда жапырт мушташ катталганы белгилүү болду.

Маалыматка караганда, 80дей мигрант Пехотинцев көчөсүндө мушташкан. Күбөлөрдүн айтымында, алар жолдун бир бөлүгүн бөгөп, бири-бирине таш ыргытышкан.

Е1.RU порталы бир киши жабыр тартканын жазды. Полиция кимдир бирөөнү кармоого үлгүргөн эмес: укук коргоо органдары келгенде мигранттар качып кетишкен.

Аймактагы тажик диаспорасынын башчысы Фаррух Мирзоев жана кыргыз диаспорасынын төрайымы Гүлшан Долонбаева «Озоди» радиосуна мигранттарды тынчытуу үчүн профилактикалык иштер жүргүзүлүп жатканын белгилешти.

Алардын айтымында, мушташ өткөн ишенби күнү кечинде шаардагы стадиондордун биринде башталган. Мигранттар ал жерде футбол ойноого чогулушкан.

«Оюн учурунда алар айтышып кетип, бир аз тирешип калышкан. Экинчи күнү жапырт мушташ болгон. Окуя болгон жерге полиция келгенде алар качып кетишкен. Эч ким жабыркаган жок, ооруканага эч ким кайрылган эмес» деди Фаррух Мирзоев.

Кыргыз диаспорасынын төрайымы Гүлшан Долонбаева «Бул окуя топ талашкан балдардын аракеттерине көбүрөөк окшош» экенин айтып, жаңжал токтогонун билдирди.

Екатеринбург шаарында 120 миңдей тажик, 50 миңдей кыргыз мигранттары иштейт.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты