​КДК, “Ашар” кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бири, экс-депутат, коомдук ишмер Жыпар Жекшеев кайтыш болду

  • 4 года мурун

21-июлда 74 жаш курагында айтылуу КДК, «Ашар» кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бири, экс-депутат, коомдук ишмер Жыпар Жекшеев COVID-19 инфекциясынан кайтыш болду.

Бул тууралуу “Азаттык” медиасына анын туугандары кабарлаган.

Жыпар Жекшеев 1947-жылы 24-майда Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айылында туулган. Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын, 1999-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде укук адистиги боюнча магистратураны аяктаган.

1989-жылы Кыргызстандагы туңгуч демократиячыл уюмдардын бири болгон “Ашар” козголушунун аткаруу комитетинин төрагасы, 1990-жылы “Кыргызстан” демократиялык кыймылынын (КДК) беш теңтөрагасынын бири болуп шайланган.

1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасынын депутаты, 2007-2009-жылдары ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргызстандын улуттук комиссиясынын баш катчысы болгон.

2017-2019-жылдары КТРКнын байкоочу кеңешинин төрагасы болуп шайланган.

2009-жылы Кыргыз Республикасынын Президенттигине тлапакерлигин койгон.

Жыпар Жекшеевдин эмгеги эске алынып, “Даңк” медалы, “Манас–1000” эстелик медалы, Казакстандын Ардак грамотасы менен сыйланган.

“ПолитКлиника” медиасынын жамааты Жыпар Жекшеевдин үй-бүлөсүнө жана туугандарына, замандаштарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты