​Жээнбеков: “Элди шайлоого байланыштуу маселеде адаштырууну токтотууга чакырам”

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-июлда, коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна» маек курду.

Анда мамлекет башчы өлкөдөгү азыркы курч кырдаал жана анын себептери, алдыдагы парламенттик шайлоонун мөөнөтү, саясий күрөш, өкмөт жана алдыдагы милдеттер тууралуу маселелерге токтолду.

Президент курч кырдаалдын себептерине токтолуп кетти.

-Карантин алынган соң, тартип сакталган жок. Буга кошумча кээ бир саясатчылар ачык эле чыгып, парламентте да, анын сыртында да «коронавирус жок, бийлик элди митингге чыгарбаш үчүн жөн эле айтып атат, сырттан каражат алыш үчүн ушундай кылып жатат» деген ойлорду айтып, ага ишенгендер да болду. Ошондой нерселерден жетишкен ийгиликти кармай албай калдык.

Бул күрөштө биздин мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрү башка мамлекеттерге караганда чектелген.

Бизде резерв болгон эмес. Бюджеттик кодекс кабыл алынгандан кийин, бир статья бар, өзгөчө кырдаал мезгилине деп 1.5 миллиард сомго чейин топтолот. Мына ошону жумшап келгенбиз. Сел жүрсө, жолдорду алып кетсе, же көчкү жүрсө.

Бизнести оор мезгилде колдой турган каражат түзүлгөн эмес.

Азыр эл оозунда эң көп айтылган нерсе — сырттан келген акчаны чоңдор «жеп койду» деген сөз. Мен бул боюнча буга чейин да айткам, азыр да айтам. Андайга жол берилбейт. Жеке өзүмдүн, премьердин көзөмөлүндө. Өкмөт келген каражаттын максаттуу колдонулушуна башы менен жооп берет. Эл алдында, мыйзам алдында, Кудай алдында да, -деди мамлекет башчы.

“Саламаттык сактоо тармагында реформага барабыз”

-Азыркы жагдай мамлекеттик системадагы бир топ илдетибизди ашкереледи. Жыйынтыктарды чыгарабыз. Бир топ мамлекеттик маселелер, багыттар боюнча терең ойлонуудамын. Мамлекеттин, элдин жашоосуна таасир этчү бир топ кадамдарга барабыз, буйруса. Анын негизгиси — саламаттыкты сактоо тармагын кескин жаңыртуу, жакшыртуу. Болбосо бүгүн баарыбыз туш болдук, улут саламаттыгына коркунуч жаралды. Буйруса, саламаттыкты сактоо тармагын толук реформа жасайбыз, -деди Президент.

“Саясий күрөштү мыйзам алкагында алып барууга үндөйм”

Президент алдыдагы парламенттик шайлоолор Конституцияда аныкталган мөөнөттө өткөрүлө турганын, саясий чайкоочулуктун кереги жок экенин билдирди.

-Эгерде биз сыноо болсо, кыйынчылыктар болсо, мыйзамды бузалы, Конституцияны бузалы деп, башка жолго бургандарды ээрчип кетсек, анда укуктук мамлекетти кура албайбыз. Ошондуктан, күздөгү парламенттик шайлоолор өзүнүн мерчемделген конституциялык мөөнөтүндө өтөт.

Мен буга тийиштүү жарлыкка кол койдум. Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзам алкагында ишин баштады.

Шайлоо өтпөшү керек деп, бүгүн куру популизм менен алек болуп жаткан партиялар баш болуп каттоодон өттү.

Мен кайрылат элем, урматтуу «Ата мекен» жана «Республика» партиясынын квотасы менен дайындалган Борбордук комиссиянын мүчөлөрүнө. Ушул партиялардан шайланып, иштеп келген, иштеп жаткан депутаттарга ушул партиялардан кайра депутат болуп келем деген саясатчылар жана алардын күйөрмандарына айтаар элем. Саясат менен ашкере алектенип, элди шайлоого байланыштуу маселеде адаштырууну токтотууга чакырам. Бул Конституцияда каралган маселе. Жок дегенде ушундай кыйын кырдаалда жигитчилигиңерди көрсөтүп, саясий күрөштү мыйзам алкагында алып барууга үндөйм.

Шайлоолор Конституцияда аныкталган мөөнөттө өткөрүлөт. Борбордук шайлоо комиссиясы азыр иштеп жатат. Чыгымдарды азайтат, -деди.

“Сындай турган мезгил эмес”

-Азыр шайлоого аз калды, 3 айга жакын калды. Өкмөттү кетирүүдөн азыр пайда жок. Азыр биз эми мүмкүн болушунча колдо болгон адамдык ресурстун баарын мобилизациялап, күчтү бириктирип, иштешибиз керек.

Бул Өкмөт калабы, калбайбы ошол келген парламент өздөрү чечет, бул парламенттин укугу. Парламенттик шайлоо болушу керек дегеним да ошол.

Аткаруу бийлиги, мыйзам чыгаруу бийлиги туруктуу иштеши керек. Ошондуктан биз мыйзамдуу жол менен кете беришибиз керек, мыйзамдуу жол менен бардык иштер бүтүшү керек.

Өкүндүргөн жоопкерсиздик, кайдыгерлик

Кубандырган элдин биримдиги

— Мени Президент катары, жаран катары да чиновниктердин армиясындагы адам фактору, тагыраак айтканда, жоопкерчиликсиздик, кайдыгерлик абдан өкүндүрөт.

Мени элибиздин кең пейилдиги кубантат. Ынтымак, биримдиги кубантат. Оор мезгилде биз — кыргыз эли өзүбүздү көргөздүк. Баары суктанып жатышат. Мамлекет кыйналып калганда биздин ишкерлерибиз, биздин ыктыярчыларыбыз, жалпы элибиз көтөрүлдү, «Жабыла көтөргөн жүк жеңил болот» дегендей, мына мени ушул кубандырат.

Анан дарыгерлерибиздин баатырдыгы кубантат. Учурдан пайдаланып, биздин медиктерге башымды ийип, чын ниетимен дагы бир ирет таазим кылам!

Биздин элде алам дегенден, берем дегендер көп экендиги кубантат. Карантин киргенде, бардык ишканалар жабылып калганда биздин ишкерлерибиз, биздин жарандарыбыз, ыктыярчылар өздөрү чыгып, тамак-аш жетишпей жаткандарга үйүнө чейин барып, жардам берип жатты. Мына азыр дагы ооругандарга дары-дармек, медициналык жардам берип жатат. Ыктыярчылар кандай чоң күч экенин көрүп жатабыз, -деди Жээнбеков «Биринчи радиого» берген интервьюсунда.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты