​Парламенттик шайлоо сметасы 446 млн. 900 миң сом деп бекитилди

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин шайлоосуна чыгымдардын сметасын бекитти. Анын сметасы 446 млн 900 миң сом болду.

Бул тууралуу БШК маалыматтык кызматы билдирди.

17-июлда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоону уюштуруу жана даярдоо боюнча чыгымдардын сметасын бекитти.

Бул сметада 2462 шайлоо участокторунун ачылышын, анын ичинен чет өлкөлөрдө жашаган же жүргөн кыргызстандыктар үчүн 42 шайлоо участогун чет өлкөлөрдө ачуу эске алынат.

Адатта бир шайлоо комиссиясында 10-12 адам иштесе, анда жалпы шайлоо участокторунун комиссияларындагы мүчөлөрдүн саны 30 833 адам – территориялык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү болсо (финансылык кызматкерлер) – 650 адамды түзөт. 2017-жылдан тарта территориялык шайлоо комиссияларынын жана участоктордогу шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү шайлоону өткөрүү жана даярдык көрүү мезгилинде айына 2,0-3,0 миң сомдон сый акы алышат.

Ошондой эле шайлоочулардын саны да эсепке алынып, аларга да бир катар эсептөөлөр жасалды. 2020-жылдын 16-июлуна карата алдын-ала тизме боюнча өлкөдө 3 429 043 шайлоочу катталган, бул 2015-жылы болгон парламенттик шайлоодогу шайлоочуларга караганда 667 746 адамга көп.

Иишке тартыла турган кызматкерлердин саны шайлоочулардын санына жараша эсептелет. Айтсак, идентификациялоочу операторлордун саны 600 шайлоочуга бир оператор деген ченем менен эсептелет.

Мындан тышкары добуш бере турган күнү жана анын алдыңкы күнү БШКнын күнү-түнү иштей тургандыгына байланыштуу, ТШК жана УШК мүчөлөрүнө, ишке тартылган идентификация операторлоруна (1846 адам), коопсуздукту жана тартипти камсыздоочу ИИМ кызматкерлеринин (4680 адам) тамак-ашына бир күндө 500 сомдон бөлүнөт.

Ошол эле учурда финансылык ачыктыкты камсыздоо максатында, бюджеттен бөлүнүп жаткан каражаттардын эсебине жана отчеттуулугуна карата жаңыча ыкмалар иштелип чыкты.

Шайлоо комиссияларынын жана андан төмөнкү комиссиялардын андан ары каржылануучу чыгымдарынын сметасын түзүүдөгү жаңы ыкма, ТШК менен УШКнын чыгымдарынын корголгон статьялары боюнча акча каражаттарын ТШКга берүү болуп эсептелет:

Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамга ылайык, борборлоштурулган тартип менен төлөнөт.

2020-жылдын республикалык бюджети жөнүндөгү мыйзамы менен 2020-жылдагы жалпы шайлоолорду өткөрүүгө пландуу чыгымдар 732 млн. сом суммасында бөлүнгөн.

Борбордук шайлоо комиссиясы сарамжалдоонун аркасы менен, суммасы 446 млн. 900 миң сом болгон сметаны бекитти.

Боршайком шайлоону өткөрүү жана ага даярдык көрүүнүн жүрүшүндө шайлоочулар менен шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыздоолордун алдын алат, буга корой турган сумма 60 млн. сомду түзөт. Бул маселе боюнча дайындалган шайлоонун өтө зарыл болгон муктаждыктарына көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдиришкен БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН), KOICA, ОБСЕ, Япония, Түштүк Корея, Германия, Швейцариянын элчиликтери, ЮСАИД жана башка эл аралык өнөктөштөр менен иш жүрүп жатат.

Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтө тургандыгы тууралуу Президенттин жарлыгы чыккан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты