Араб Эмираттарынан жана Кытайдан кыргызстандыктар келди

  • 4 года мурун

17-июлда «Fly Dubai» авиакомпаниясынын Дубай-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамы менен 159 кыргызстандык келди.

Ошондой эле Кытайдан дагы 100 студент келди.

Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Бул каттам менен АКШ, Канада, Улуу Британия, Афганистан, Египет, Корея Республикасы, Вьетнам, Япония, Мальдив жана Бахрейндеги мекендештер Кыргызстанга Дубай аэропортунан «Emirates airlines» авиакомпаниясы аркылуу транзиттик каттам менен которулуп келишкен.

Дубай-Бишкек маршруту боюнча кийинки каттамдар 24 жана 31-июлга пландаштырылган

Ошондой эле бүгүн “Сиань-Бишкек” багыты боюнча Кытайдын жогорку окуу жайларында окуган 100 студент келди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты