Пневмония мындан ары COVID-19 илдетинин көрүнүшү катары саналат

  • 4 года мурун

Мындан ары пневмония боюнча статистикалык учурлар COVID-19 илдетинин көрүнүшү катары саналат

«Саламаттык сактоо министрлиги эксперттердин тобу иштеп чыккан COVID-19 илдетинин Улуттук клиникалык колдонмосунун 3- версиясын бекитти. Аталган Улуттук клиникалык колдонмосу COVID -19 илдетинин даражаларынан, ооруган бейтаптарды дарылоо алгоритминен, аны менен бирге өпкөнүн сезгениши (пневмония), стационардык жана амбулатордук жардамды көрсөтүүдөн турат» деп билдирди вице-премьер-министр Аида Исмаилова.

Анын айтымында, ДССУ тарабынан кабыл алынган эл аралык ооруларды классификациялоого ылайык, 07 классы өзгөчө кырдаал шарттарында колдонулат. COVID-19 илдетин лабораториялык жол менен тастыкталган U07.1 кодуна жана лабораториялык жол менен тастыкталбаган, бирок клиникалык белгилери бар болуп, рентген аркылуу билинген 07.2 кодуна таандык келээри аныкталды.

«Коронавирус инфекциясын бирдиктүү шартта дарылоо үчүн саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, ПЦР- тест менен тастыкталбаган, бирок вирустук этиологиясында клиникалык белгилери бар пневмония U07.2 кодуна кирет, мындан улам пневмония боюнча статистикалык учурлар COVID-19 илдетинин көрүнүшү катары саналат» деп кошумчалады.

Март айынан бери Кыргызстанда ооруканаларда пневмониядан 612, коронавирустан 167 адам каза болду. Дарт жуккандардын 7,5 миңдейи айыгып чыкты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты