​Министрлик: Хижамага уруксат берилген эмес, анын кесепети кийин билинет

Саламаттык сактоо министрлиги кыргызстандыктарды хижама ыкмасын колдонуудан оолак болууга чакырды.

16-июлда саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова онлайн брифингде социалдык түйүндөрдө тарап жаткан видео боюнча маалымат берип, «медицина кызматкерлери да мындай ыкманы колдойт» деген маалымат чындыкка дал келбей турганын айтты.

«Хижама медицина ыкмасы катары лицензияланган эмес. Пневмониядан болобу, коронавирустан болобу, дарылоо үчүн тастыкталган ыкмалардын катарына эч кирбейт. Клиникалык протоколдордо да бекитилген эмес. “Хижама абдан эффективдүү дарылоо ыкмасы” деген ойдон алыс болуп, ошентип айткан адамдарга барбаңыздар деп суранабыз! Андай ыкма менен кан аркылуу коронавирус, пневмония гана эмес, вирустук гепатит жана СПИД оорулары да жугушу мүмкүн. Алар “Беш-жети күндө дененин ысышы токтойт” деп жатышат. Бирок адамдын организминде ансыз деле 5-8 күндө өзүнүн иммунитети күрөшүп, температурасы төмөндөй баштайт». деди ал.

Ошону менен катар Акматова хижама жасаткандарга кан аркылуу жуккан илдеттер бир-эки күн эмес, эки-үч айдан кийин билиниши мүмкүн экенин кошумчалады.

Соңку бир нече күндөн бери интернетте коронавирустан өпкөсү кагынгандарга “кан чыгарып, хижама жасатуу даба экени” тууралуу видео тарап жатат.

Март айынан бери Кыргызстанда ооруканаларда пневмониядан 612, коронавирустан 167 адам каза болду. Дарт жуккандардын 7,5 миңдейи айыгып чыкты.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты