​Коронавирус тажик-кыргыз чек арасы боюнча сүйлөшүүлөрдү кийинкиге калтырды

Кагылыштардын жана талаш-тартыштардын көбөйүшүнө байланыштуу, эки тараптын тең жергиликтүүкалкы өзүлөрүнүн бийлигинен чек арадагы талаштуу маселелерди активдүү жана натыйжалуу чечип берүүсүн талап кылууда.

Бул макаланын оригиналы CABAR.asia аналитикалык платформанын веб-сайтында жайгаштырылган.

2020-жылдын башында эки өлкөнүн тең делимитация жана демаркация боюнча делегациясы болгону эки жолугушуу өткөргөн.Бул январь жана февраль айында өттү.

Ушул жылдын 1-мартына чейин топографиялык жумушчу топтор Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы куну бирдей жер тилкелерин алмаштыруу варианттарын иштеп чыгышы керек болчу деген CABAR.asia мурдагы билдирүүсүндө.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 км чапчыйт, алардын 450 километрден ашыгы алиге чейин делимитцияланган жана демаркацияланган эмес.

Кээ бир маалымат булактары боюнча 1-мартка карата тараптар 520 километрге дагы 111 километр жаңы катталган тилкелерди кошушу керек болчу.

Бирок, КР ӨкмөтүндөбилдиргендейCOVID-19 пандемиясынын айынан жаңы жолугушуулар өткөрүлгөн эмес.

Ушул жылдын 11февралында мамлекеттик чек араны делимитциялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча комиссияны жетектегенвице-премьер-министр Жеңиш Разаков кызматтан кеткен.Анын ордун жаңы вице-премьер-министр Акрам Мадумаров баскан.

Россия арачы катары керекпи?

Тажик-кыргыз чек ара талаш-тартышы боюнча Москва “арачылык кызматын” көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Бул жөнүндө 26-майда Россиянын ТИМнин жетекчисиСергей Лавров Коллективдик коопсуздук келишимине мүчө мамлекеттеринин башчыларынын отурумунда журналисттерге билдирүү жасап жатып айткан.

«Биз биздин союздаштарыбызды диалогго келүүсүнө, колдон келишинче күч колдонуудан алыс болуусуна чакырабыз. Арачылык кызматын көрсөтүүгө даярбыз. Кырдаал канчалык тез чечилсе, ошончолук жакшы болот деп эсептейбиз», – дейт Лавров «Азаттык» радиосунун цитаталоосунда.

Бирок, Дүйшөмбүдө да, Бишкекте да Москванын «арачылык кызматынан» баш тартышты.

Тажикстандын ТИМи 29-майда Москвага нота жиберген, анда«мамлекеттик чек араларды делимитация жана демаркация ишмердиги КККга катышкан өлкөлөрүнүн ички иши болуп эсептелет жана иш жалаң гана эки тараптын негизинде жүргүзүлөт», – делген.

Нотада бул сүйлөшүүчү процесске «үчүнчү тарапты тартуу өзүн актабайт» — деп айтылган.

Кыргыз элчилеринин жообу деле терс болгону менен салыштырмалуу сабырдуулукту карманган.

«Кыргызстан акыркы жыйынтыкка багытталган эки тараптуу сүйлөшүүнү жүргүзүү керек деп эсептейт», – деди КР ТИМдин расмий өкүлү Улан Дыйканбаев Лавровдун сунушуна.

Жергиликтүү эксперттер Сергей Лавровдун сунушун ар түрдүү кабыл алышты. Тажик эксперти Нурали Давлаттын ою боюнчаДүйшөмбүдө да, Бишкекте да Москванын ак ниеттүүлүгүнө ишене бербейт жана Кремль өзүнүн кызыкчылыгын көздөйт деп эсептейт.

«Балким Россия арачылык ролун ойноп жатып эки республиканын тең каалоосун аткарууда бир тараптын кызыкчылыгын коргогону жаткандыр деп чочулашууда», – дейт Нурали Давлат.

Кыргыз саясатчысы Арстанбек Саргалдаев болсо «эгерде Тажикстан Лавровдун сунушун кабыл алса, анда Кыргызстан Россиянын сүйлөшүүлөр боюнча сунушун кабыл алмак» деп эсептейт.

«ТИМдин [Кыргызстан] расмий өкүлүнүн жумшак айтканы – жогорку рангдагы аткаминерлердин кесе «ооба» жана «жок» дегенден корккондугу менен түшүндүрүлөт. Бир жагынан алар өзүн жарандарга, экинчи жагынан – Россияга каршылаштырып алышы мүмкүн.Муну баары эле жакшы түшүнүп жатышат деп ойлойм», – дейт саясатчы Саргалдаев.

Бирок, тажикстандык журналист жана саясатчы Бободжон Икромов стратегиялык өнөктөш болуп эсептелген мамлекеттердин чек арадагы акыркы окуяларына Москва чындыгында да кабатыр болуп жатат деп эсептейт.

«Фергана өрөөнүнө окшогон аймактагы согуш уктап жаткан радикалдуу кыймылдарды ойготушу мүмкүн жана өтө кооптуу болот, жада калсаРоссия үчүн да коркунучтуу. Москванын кабатыр болушун мына ошону менентүшүндүрсө болот», – деди Икромов.

Анын айтуусу боюнча, «Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы талаш-тартыш үзгүлтүксүз мүнөзгө ээ болгондон баштап» гана Москва өзүнүн арачылык кызматын сунуштай баштаган.

Талаш-тартыштардын себеби эмне?

Тажик саясатчысы жана журналисти Бободжон Икромовдун пикири боюнча чек арада акыркы жылдардагы талаш-тартыштар атайын түрдө башкарылып жатат.

«Талаш-тартыштарды кайсы бир күчтөр башкарып жаткандай сезим болууда, алар такай үзгүлтүксүз жүрүп жатат, айрыкча маанилүү окуялардын алдында же конкреттүү келишимдерди үзгүлтүккөучуратыш үчүн», – деген пикирде Икромов.

Тынчтык жана туруктуулук маселеси талаштуу территорияларды чечүүгө жана компакттуу жашап жаткан калктын кайсы бир бөлүгүн көчүрүүгө эле көз каранды болсо,тараптар аны ондогон жылдар бою сүйрөбөй эле кыска мөөнөттө гана чечим чыгарыпкоймок деп эсептейт Икромов.

«Делимитциялоо жана демаркациялоо маселелерин чечүүдө туруксуз кырдаалды сактоого, ал эмес анархия жана баш-аламандыкты колдоого кызыкдаркүчтөр жол бербей жатышат», – деп айтууда Икромов.

Икромовдун пикирине кыргыз саясатчысы Арстанбек Саргалдаев да макул. Туруксуз абалды колдогон күчтөр өзүнүн кызыкчылыгына жараша, элди талаш-тартыштарга көкүтүп жатат деп эсептейт.

«Чек арадагы проблеманын өзөгү жөнөкөй жана ачык-айкын. Эки тарапта тең жеке кызыкчылык үчүн улуттун кызыкчылыгын соодалаган азгыруучулар менен провокаторлор бар», – деген пикирде Саргалдаев.

Икромовдун ою боюнча «үчүнчү күчтөр» диний экстремисттер эмес, кадимки эле криминалдык элементтер болушу мүмкүн.

«Күч структуралары жана укук коргоо органдары талаш-тартыштар менен алек болуп, контрабанда, наркотрафик, уюшкан кылмыштуулук менен күрөшө албай, колу жетпей турса баңгизат менен алектенгендер, контрабандисттер жана башка криминалдык элементтер өзүн эркин сезишет», – дейт Икромов.

Чек арада атышуулар экинчи болбошу үчүн эмне кылыш керек?

Алимамат Кожонов – Бишкекте жашаган, бирок кыргыз-тажик чек арасына тез-тезден келип турган узак жол жүрүүчү айдоочу.

«Мен Тажикстан жана Кыргызстан жолдорунда көп жүрөм. Анын ичинде айланып өтмө жолдордон да өтөм. Эки тарапта тең чек аранын болбошуна кызыкдарлардын көп экендигин билем. Бийлик структуралары дагы чындыгында иштебейт. Мен натыйжа жок болгондугуна байланыштуу ушинтип жатам», – дейт Кожонов.

Көк-Таш кыргыз айылындагы Аялдар кеңешинин төрайымы Бубусолиха Эгамбердыева жаштар менен көп иштеш керек дейт. Эгамбердыева Сомониен тажик айылына жакын жайгашкан Дахма айылында жашайт.

«Биздин кошуналарыбыз мыкты. Мага да алар дайыма урмат менен «муаллима» деп кайрылышат, — деп айтууда ал.

«Бир жерлерде кайсыдыр бир себептердин айынан талаш-тартыш болот, анан ал ырбайт. Кээде арзыбаган нерселер үчүн. Талаш-тартыштын катышуучулары көбүнчө жаштар. Улуу муундагы биз бири-бирибизди билебиз жана биздин ортобузда талаш-тартыш өтө сейрек болот», – дейт Эгамбердыева.

Анын сөзү боюнча, эгемендик мезгилинде тарбияланган жаштар «бири-бирин билбейт, алар башка духта тарбия алышкан».

«Жаштар агрессивдүү, аларды радикалдык аракеттерге көкүтүп коюу оңой. Ошондуктан, алар менен иштөө керек деп эсептейм. Эгерде тараптар тынчтык менен достукта жашоого кызыкдар болсо бул жөнүндө үйдө да, мектепте да, көчөдө да айтып туруу зарыл. Аларга мурдагыдай биргелешкен жолугушууларды, лагерлерди, майрамдарды, спорттук мелдештерди уюштурса жакшы болмок», – деп эсептейт кыргыз активисткасы.

Исфара районундагы Ходжаи Аъло жамаатынын жашоочусу Нодира Авезова көп жылдардан бери фермердик чарбаны жетектеп келет. Ал айылдык депутат, аялдардын өндүрүштүк тобунун лидери. Нодира чек арадагы талаш-тартыштардын алдын алуу боюнча долбоорлордун алкагында эл аралык уюмдар өткөргөн семинарлардын такай катышуучусу. Анын сөзү боюнча акыркы жылдары курчуп кеткен этникалык мамилелер көптөгөн эл аралык долбоорлордун жабылышынын себебинен болууда.

«Өкүнүчтүүсү, эки тараптын тең бийлик түзүмдөрү мурдагыдай эрктүүлүгүн көрсөтө алышпай жатат. Бул туура эмес. Жамааттардын лидерлеринин башын бириктирүү мүмкүнчүлүгү так ошол эл аралык уюмдардын долбоорлорунун алкагында болмок. Баары бир мамиле түзүү – тынчтык менен достукту кайра калыбына келтирүүнүн эң жакшы жолу», – дейт Авезова.

Журналист жана саясатчы Бободжон Икромовдун пикири боюнча ишенимди калыбына келтирүүнүн, тынчтык абалды түзүүнүн, достуктун жана кызматташуунун эң натыйжалуу жолу – бул соода-сатык.

«Рынокко кетчү чек ара жолдордун баарын ачуу керек, элге тоскоолдук кылбастан, аларды тынч соодасын кылышы үчүн коргоп туруу зарыл», – дейт Икромов.

Анын сөзүнө караганда, душмандашуудан чек аранын эки жагында тең жашагандардын экономикалык кызыкчылыктары зыян тартып жатат.

Икромов Исфара-Ворух жолунда жайгашкан Достук кыргыз айылын мисалга келтирди.

Икромовдун сөзү боюнча, бул жерде адамдар тажик тарап менен мунайзат, айыл-чарба продуктылары, курулуш материалдары менен соода жүргүзүшчү.

Бирок, 2013-жылдагы окуядан кийин жолдун бул бөлүгүн: «коопсуздук жана контрабанда менен күрөшүү максатында» такыр жаап салууну чечишти.

«Тажик автотранспортторун Чоркишлак айылы аркылуу кое беришти. Натыйжасында кыргыз айылында ондогон жашоочулар жумушчу орундарынан айрылышты. Жергиликтүү бинес өзүнүн ишмердигин токтотууга аргасыз болду. Көптөрү жашаган жеринен көчүп кетүүгө аргасыз болушту», – деп билдирет Икромов.

Тажик окумуштуусу Анвар Максудов кан төгүлө турган талаш-тартышты болтурбоо үчүн чек араны демилитаризациялоо керек деп эсептейт.

«Чек ара заставалар жана бажы пункттары тээ алгачкы орношкон позицияга келгени туура. Укук сактоонун негизги күчүкатары милиция иштеши керек.Чек араны көзөмөлдөгөн гана посттор иштегени жакшы», – деген пикирде Максудов.

Анын сөзү боюнча кыргыз тараптагы да, тажик тараптагы да элдин курал-жарагын алып коюу керек. Ал эми чек арачылар өзүлөрүнүн заставасынын территориясында жайгашышы керек да, аталган чек ара бөлүгүн гана кайтарганы туура.

«Калктын колунда курал-жарак канчалык аз болсо, чек араны кайтаргандар менен алакасы да аз болсо чек арада адамдын өмүрүн ала турган атышуу болбойт», – дейт Максудов.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты