​Түркиядан кыргызстандык медиктер жардамга келди

  • 4 года мурун

Бүгүн, 15-июлда, «Turkish airlines» авиакаттамынын учагы менен келген кыргызстандык жарандар жана Түркия өкмөтүнүн гуманитардык жүгү менен бирге Кыргызстанга ординатурадан өтүп жаткан жана медициналык жогорку окуу жайларда жана андагы мамлекеттик клиникаларда иштеген 14 медик-ыктыярчыдан турган мекендештер келди.

Пандемия шартында Түркияда дары-дармектерди экспорттоого жана мамлекеттик структуралардын медицина кызматкерлеринин өлкөдөн чыгууларына расмий тыюу салгандыктан Кыргыз элчилигинин жана Түркиянын тиешелүү министрликтеринин жардамы менен аталган медицина кызматкерлерине чыгууга уруксат алуу боюнча маселелер чечилген.

Медициналык кызматкерлердин авиабилеттерин алуу жана Кыргызстандагы жашоо шартын уюштурууга кеткен чыгымдардын белгилүү бир бөлүгүн кыргыз ишкерлери өз мойнуна алышкан.

Медиктердин тобу республикадагы конкреттүү бир ооруканада иш графиги боюнча иштеп, өздөрүнө бөлүнгөн жумуш аймагына жоопкерчилик алаары пландаштырылууда.

Ыктыярчы-медиктерди кыргызстандык медперсонал менен тажрыйба алмашуу үчүн аймактарга жөнөтүүнү сунуштады.

Буга чейин Кыргызстанга Россияда иштеген кыргызстандык 26 медицина кызматкери жардамга келген.

Түркия мамлекетинен гуманитардык жардам Кыргызстанга 15-июль күнү келди. «Turkish airlines» авиакомпаниясынын учагы гуманитардык жардам менен менен төмөнкүдөй жардам келди:
Коронавируска каршы күрөшүү үчүн гуманитардык жардам төмөнкү медициналык жабдуулардан турат:
20 өпкөнү жасалма дем алдыруу 20 (ИВЛ) аппаратты;
50 кычкылтек концентратору;
20 миң ПЦР-тест комплекти;
20 миң вирусту аныктай турган реагенттердин топтому;
50 миң N95 коргоочу беткап;
100 миң хирургиялык беткап;
35 миң коргоочу костюм;
2 миң коргоочу беткап – козырек;
10 миң гидроксихлорохин дарысы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты