Мектеп директору Элнура Музаева каза тапты

  • 4 года мурун

Бишкектин Көлмө конушундагы №78 гимназия мектебинин директору Элнура Музаева 14-июлга караган түнү ооруканада каза тапканын Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

-Элнура Музаева Талас областында 1966-жылы 18-сентябрда туулган. Ал эмгек жолун Фрунзе педагогигалык орус тили жана адабият институтунун педагогика жана психология кафедрасында баштаган. 1995-жылдан баштап Бишкек шаарынын мектеп билим берүү тутумунда, орус тили жана адабият мугалиминен Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгына чейин иштеген. Акыркы 8 жыл №78 мектеп гимназиясынын директору болуп эмгектенген.
Эльнура Турдукуловнанын жетекчилиги алдында Көлмө конушундагы аталган мектеп аккредитациядан кийин гимназия макамын алган. Өтө жоопкерчиликтүү, ишин мыкты билген, даанышман, адамдык сапаты жогору жетекчи эле, -деп айтылат мэриянын жана шаардык билим берүү башкармалыгынын көңүл айтуусунда.

Башка маалыматтарда 12-июлда Музаеванын күйөөсү Уранбек Кубатбеков өпкөсү сезгенип, мурдагы “Ганси” базасындагы стационарда каза болгондугу айтылат.

Музаева шейшембиге караган түнү реанимацияда инсульттан үзүлгөн. Пневмония да болгону аныкталган.

Кыргызстанда март айынан бери коронавирустан 149, пневмониядан 497 адам каза болду.

14-июлда Ош шаарынын Киров атындагы орто мектебинин директору, 61 жаштагы Гүлнара Туташева каза болду. Туташеванын өлүмүнө эмне себеп экени айтыла элек

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты