​Канттагы ооруканада бир дагы медик калбай калганы жалган маалымат

  • 4 года мурун

Социалдык тармактарда Канттын ооруканасында бир дагы дарыгер калбай калды деген видео тарады. ПолитКлиника бул маалыматтын чоо-жайын тактады.


Социалдык тармактарда тарап жаткан видеодо тартып жаткан адам коронавирус жана пневмония менен ооруп, дарыланып жаткан Канттагы оорукана тууралуу сөз болгонун айтып, жумуш орунда бир суткага жакын убакыттан бери бир дагы медицина кызматкери жок экенин билдирген. Видео тарткан адам оорукана бөлүмүн бардык бөлмөлөрүн видеого тартып чыккан.Кант шаарындагы активист, Элдик штабдын мүчөсү болуп жүргөн Атай Самыйбек 100 медицина кызматкеринин 70и ооруп жатканын айтат. “Медиктердин ооруп жатканы чын, бирок видео смена алмашып жаткан учурда тартылган экен. Орусиядан келген врачтар дагы тартылды”, — дейт активист.

Ысык-Ата аймактык ооруканасынын башкы медайымы Акылай Арсарбекова ошондой маалымат тараткан жарандарга нааразы экенин жашырган жок: «Биздин кызматкерлер күн-түн дебей иштеп, өздөрү да вирусту жуктуруп алып ооруп жатышат. Ооругандардын ордуна башка оорукананын дарыгерлери келип жардамдарын аяган жок. Оору менен алпурушуп күрөшүп жатканыбызга карабай, эч ким жок кароосуз калтырды дегендери зээнимди кейитти», — дейт медайым.

Фейсбук колдонуучусу, волонтер Гульнура Торалиева өзүнүн баракчасына ага Канттагы ооруканада дарыланып жаткан жарандардын бири кайрылып, анын билдирүүсүн анонимдүү чыгарып коюну суранган. Билдирүүдө ал дарыгерлер өздөрү дагы ооруп жатканына карабай, ар бир пациенттин өмүрү үчүн күрөшүп жатканын, аркы дүйнөдөн сууруп чыгып, жанын сактап калышканын, дарыларды сайгандан сырткары гимнастикаларды жасап, жаны менен күйүп аракет кылып жатышканын жазган.

Мындан тышкары, Саламаттык сактоо министрлигинин Чүй облусу боюнча координатору Бактыгүл Мамытованын айтымында, Ысык-Ата аймактык ооруканасынын медицина кызматкерлери оорулууларды дарылап жатып, өздөрү да ооруп калганы чын.

“Бул маселе көзөмөлдө турат. Эртең 9 адам ал жакка кошумча жөнөтүлүп жатат. Токмок медициналык окуу жайынан 1 врач, 2 медайым жана Чүй облустук стоматологиялык поликлиникасынан 6 медайым жумушка тартылганы жатат. Бул видео медицина кызматкерлери нөөмөт алмашып жатканда тартылган экен, бирок жазылган дарылар бардыгы убагында эле берилген”, — дейт Бактыгүл Мамытова.

ПолитКлиника

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты