​Жыргал Көбөгөнова. Артисттин өмүрү

Жаңылыктар

13-июлда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын чыгаан актрисасы Жыргал Көбөгөнова Жыргал 72 жаш курагында катуу оорудан дүйнөдөн кайтты.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сүз кызматы тараткан маалыматта Жыргал Көбөгөнованын өмүр жолу тууралуу мындайча айтылат.

Жыргал Көбөгөнова 1948-жылы 1-январда Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында кыргыз театр искусствосунун залкар таланттары, Кыргыз Республикасынын эл артисттери Абдыашым Көбөгөнов менен Сайрагүл Балкыбекованын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.

Чыгаан актрисанын таланты мектеп жашынан эле байкалганы айтылат.

-Андагы Фрунзе шаарынын №2 орто мектебинде 4-класста окуп жүргөндө, пионерлер сарайында бий кружогуна катышып жүрүп, 1958-жылы Москвада өткөн Кыргыз искусствосунун 2-декадасында, Сапарбек Кабеков менен Нурдин Тугеловдун жетекчилиги астында «Пахта бийин» бийлеген.

8-класстан баштап, 1963-жылы Бүткүл Союздук мамлекеттик цирктин Фрунзедеги Цирк өнөрү студиясында тарбияланган. 1964-жылы Кыргыз мамлекетик цирки ачылганда алгачкы карлыгачтардын бири болуп, цирктин чыгаан гимнаст-артисти катары эмгек жолун баштаган. Ал бийчи катары да 1971-жылы Кыргыз эл артисти Нурдин Тугелов уюштурган мамлекеттик бий ансамблинде бийчи жана алып баруучу катары чыгармачылык жолун уланткан.

Жыргал Көбөгөнова ата-энесинин жолун улап актерлук кесипти да аркалап, 1972-жылдан баштап Ош областтык кыргыз драма театрына актер болуп кабыл алынат. Театр сахнасында К.Жантөшевдин «Курманбегинде» Гүлгаакы, А.Дыйканбаевдин «Мүрөктүн суусунда» Жуман, Б. Өмүралиевдин «Жүз катын» спектаклинде Тоголок келин жана башка эсте калаарлык образдарды жараткан.

1974-жылы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына которулуп, азыркы күнгө чейин театрда сахнанын чебери катары үзүрлүү эмгектенип келген. К.Маликовдун «Осмонкулунда» Мария, А.Осмоновдун «Махабатында» Тентек кыз, Ш.Садыбакасов «Ак боз атында» Лайлун, С.Ахмад «Келиндер козголоңу» Нигора, Ж.Садыковдун «Манастын уулу Семетей» Кишимжан, Бакдөөлөт, А.Цагарели «Ханума» Кабато, Т.Абдумомуновдун «Машырбек үйлөнөт» спектаклинде Алтынай, С.Ахмаддын «Күйөө баласынд» Аназират, К. Иманалиевдин “Керээз” чыгармасында Данакан сындуу образдары көрүүчүлөрдүн көз алдынан кеткис болуп калды.

Жыргал Көбөгөнова өмүрлүк жары Кыргыз Республикасынын эл артисти Күнболот Досумбаев менен бирге бүткүл өмүрүн кыргыз театр искусствосунун өнүгүшүнө арнады. Мамлекет алдында сиңирген эмгеги бааланып 1997-жылы «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» деген жогорку наамга татыган.
Кыргыз сахнасынын жылдызы Жыргал Көбөгөнова Абдыашым кызынын жаркын элеси эс убакта унутулбайт.

ЖаңылыктарЖыргал Көбөгөновакайтыш болдуактриса