​Өзбекстан жаңы чектөө киргизди

  • 4 года мурун

Өзбекстан коронавирус эпидемиясына байланыштуу 13-июлдан тартып 1-августка чейин жаңы чектөөлөрдү киргизди.

Дем алыш күндөрү транспорттук каражаттардын, анын ичинде таксилердин жүрүшүнө тыюу салынды. Жашы 65тен жогору кишилер обочолонуусу зарыл.

Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык комиссия 13-июлдан тартып ички аба жана темир жол каттамдары токтой турганын билдирди. Поезд үчүн алдын ала билет сатып алгандардын акчасы кайтарылат, авиабилеттерди болсо кийин, жыл ичинде колдонсо болот.

Өлкө боюнча бүгүн, 13-июлдан тартып чач тарачтар жана сулуулук салондору жабылары күтүлүүдө.

Өзбекстанда коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 12 400дөн ашты, 56 киши көз жумду, 7 500дөн көп киши айыкты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты