​БШК шайлоо чыгымдарын кыскартат

  • 4 года мурун

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонк уюштурууну жана шайлоого кете турган чыгашаларды азыркы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен жөнгө сала турганын билдирди.

Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы кабарлады.

Конституция жана конституциялык мыйзам тарабынан, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо милдетүү экендиги, ал Конституцияда көрсөтүлгөн мөөнөттө өтүшү керектиги каралгандыгы белгиленди.

Пандемияга байланыштуу бюджетте каралган чыгымдарды кыскартуу чечими кабыл алынганы айтылат.

«2020-жылдагы шайлоолорду өткөрүүгө жалпысынан 732 млн. сом пландуу чыгымдар каралган.

Бирок БУУнун Өнүктүрүү программасы жана Япониянын өкмөтү сыяктуу өнөктөштөрдүн колдоосунун натыйжасында, идентификациялоочу жабдуулардын бөлүктөрүн толук комплектациялоого пландалган бюджеттик план 95 млн. сомго төмөндөгөн” деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле маалыматтык иш-чаралар аралыктан жана электрондук форматта өтөрү каралган.

Шайлоону уюштурууга 32 миң шайлоо комиссия мүчөлөрү жана техникалык колдоо көрсөтүүнүн операторлору катышат, аларга кете турган сый акы сметада эске алынат (2-3 миң сом айына бир адамга). Ошондой эле транспорттук жана башка чыгымдар каралган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты