Баткенде өз колу менен маска тигип, бекер тараткан кыз мактоого алынды

Баткен шаарында бекер маска таратып жүргөн кызды сүрөткө тартып окурмандарыбыз бизге жиберген болчу. Алардын айтымында, маска таратып жаткандарды көрүп, Баткен шаарынын тургундары «Бул маска канча сом?» деп таң кала сурашкан. Таратып жаткан кыз, Covid-19дун алдын алуу үчүн, тургундарды маска тагынууга чакырып бекер таратып жатканын айткан. Маска алгандар ага батасын беришип, мактоого алышкан.

Көп өтпөй эле бул кыз Баткен шаарындагы банктардын биринин кызматкери Замира Абдуллаева экенин билдик. Ага байланышканыбызда оорунун алдын алуу үчүн 500 масканы өз колу менен тигип, шаардын тургундарына таратып чыкканын айтты.

«Covid-19дун Баткенде жайылып кетпөөсүнө мен кандай салым кошо алам деп ойлондум. Карасам баары эле же маскасы жок жүрөт, же кир болуп кеткен маскаларды тагынып жүрүшөт. Жумуштан баргандан кийин кечинде өзүм тигип жаттым. 500 даана болгондо алып чыгып шаар тургундарына таратып, маска тагынып жүрсө оорудан алыс болорун эсткерттим. Маска алгандар ыраазы болуп, баталарын берип жатышты. Мен муну менен жөн гана өзүмдүн коомдогу социалдык жоопкерчилигимди көрсөтөйүн дедим», — дейт Замира.

Замира Абдуллаева муну менен эле токтоп калбай, дагы да жумуштан кийинки убактысын маска тигүүгө арнай турганын айтты.

Сиз дагы ушундай кызыктуу окуяга күбө болгон болсоңуз биздин WhatsApp +996773778957 номерине жиберсеңиз болот.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты