«Фарватер» компаниясынын жетекчиси 6000 сомго сатылып алынган коргонуучу кийимдерди көрсөтүп берди

  • 4 года мурун

ПолитКлиника медиасынын «Коронавирустан акча жасап: Жөнөкөй маска 25 сом, коргонуучу кийим 6000 сомдон алынган» макаласы коомчулукта чуу жаратты. Коргонуучу костюмдарды 6000 сомдон саткан «Фарватер» компаниясынын жетекчиси Жантөрө Турдубаев алар саткан костюм менен макалада салыштырылган костюм эки башка категорияда экенин, ал экөөнү салыштыруу мүмкүн эмес экенин айтып, костюмдарын көргөзүп берди.

Жантөрө Турдубаевдин айтымында, «Алмаз-1» деп аталган бул костюмдар Советтер Союзунун учурундагы стандарт менен тигилет жана алардын баасы Орусияда 6000 рублдан жогору турат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты