​Жээнбеков: Элдин ырыскысына кол салгандарга аёо жок

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-июлда, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Анда Президент дарт менен күрөшүп жаткан медицина кызматкерлерине, ыктыярчыларга, жалпы элге ыраазычылыгын билдирип, бул апааттан бирге чыгып кетебиз деген ишенимин билдирди.

Ошондой эле эл аралык финансы уюмдарынан келген акчаларды бийликтегилер жеп койду деген сөзгө жооп берди.

«Эл арасында азыр суроо көп. Алардын бири — чет элден, эл аралык финансы уюмдарынан келген жардамды бийликтегилер „жеп койду“ деген сөз.

Бул боюнча өкмөт элге ачык маалымат берүүдө. Бизде ачык коом.

Элдин, мамлекеттин ырыскысына кол салгандарга мен тараптан аёо жок экенин билесиздер. Ошондуктан, сиздер менен бирге өлкөгө келген жардамды максатсыз коромжу кылдырбайбыз» деди мамлекет башчы кайрылууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты