​Бир күндө 83 медициналык кызматкер коронавируска кабылды

  • 4 года мурун

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 83 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

• Бишкек шаарында – 20;
• Чүй облусунда – 5;
• Ош шаарында – 22;
• Ош облусунда – 12;
• Нарын облусунда – 3;
• Ысык-Көл облусунда – 8;
• Жалал-Абад облусунда – 8;
• Баткен облусунда – 5.
Ал эми бир суткада 10 медициналык кызматкер ооруканадан айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 1370 учур катталды, алардын ичинен 532 медкызматкер стационардан айыгып чыккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты