Жээнбеков: Врачтардын кесипкөйлүгү менен кайраттуулугуна ишенем

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-июлда, Бишкек шаарындагы алгачкы медициналык жардам көрсөтүүчү күндүзгү стационарга барды.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө борбор калаада мындай төрт стационар иштеп жатат, дагы бешөө ачылууда.

Бишкек шаарынын Биринчи май районунун бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Мунаркан Өмүралиева жарандарды кабыл алуунун, алгачкы жардам көрсөтүүнүн шартын айтты.

Бейтаптардын ыңгайы үчүн стационардын аймагында аптека дагы иштеп жатканын билдирди. Ал күндүзгү стационарлар жаңы түзүлгөндө болгон кемчиликтер иликтенип чыкканын белгиледи.

Мунаркан Өмүралиева стационарларда врачтар бардык зарыл нерселер, анын ичинде жеке коргоочу каражаттар менен камсыздалганын маалымдады.

Президент күндүзгү стационардын шарыт менен таанышып, врачтарга ыраазылыгын билдирди.

«Мен өлкөбүздүн бардык жарандарындай эле биздин врачтардын кесипкөйлүгү менен кайраттуулугуна ишенем. Өз ден соолугуңарга коркунуч келип турганына карабастан, сиздер мекендештердин саламаттыгы үчүн иштеп жатасыздар. Мен силердин көзүңөрдөн чарчап-чаалыгуу, коркууну эмес, жалынды, мээримдүүлүктү жана ишенимди, элге жардам берейин деген каалоону көрүп турам. Бул мага дем берет. Биз баарыбыз биримдикте кыйынчылыктарды жеңерибизге ишенем деди.

Жээнбеков заманбап оорукана курууга кызыкдар инвесторлор бар экенин да кошумчалай кетти.

«Комплекстүү заманбап клиниканын жоктугу өзгөчө азыркы кырдаалда курч сезилүүдө. Бишкекте бардык медициналык кызмат көрсөтүүлөр болгондой комплекстүү клиника курабыз. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде заманбап оорукана куруу үчүн каражат бөлүүгө кызыкдар инвесторлор бар. Мындай заманбап ооруканалар бардык облустардын борборлорунда курулат» деп жана Бишкек мэриясы комплекстүү клиника куруу үчүн жер тилкесин караштырып жатканын кошумчалады.

«Мен өлкөбүздүн бардык жарандарындай эле биздин врачтардын кесипкөйлүгү менен кайраттуулугуна ишенем. Өз ден соолугуңарга коркунуч келип турганына карабастан, сиздер мекендештердин саламаттыгы үчүн иштеп жатасыздар. Мен силердин көзүңөрдөн чарчап-чаалыгуу, коркууну эмес, жалынды, мээримдүүлүктү жана ишенимди, элге жардам берейин деген каалоону көрүп турам. Бул мага дем берет. Биз баарыбыз биримдикте кыйынчылыктарды жеңерибизге ишенем» деди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты