Түркиядан кыргызстандыктар кайтты

  • 4 года мурун

8-июлда Кыргызстанга Түркиядан Кыргызстандын 326 жараны кайтып келди, аларды ичинде жаш балдар да бар.

Биздин жарандар «Turkish Airlines» авиакомпаниясынын Стамбул-Бишкек-Стамбул багыты боюнча чартердик каттамы менен учуп келишти.

Бул каттам Түркиядан Кыргызстандын жарандарын жана бул жактан түрк жарандарын алып кетүү үчүн уюштурулган.
Бул каттам менен Малайзия, Түндүк Кипр, Израиль, Болгария, Канада жана Европа, Азия жана Африканын башка өлкөлөрүнөн биздин жарандарды Кыргызстанга кайтаруу мүмкүн болду.

Аларды алып кетүү дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү киргизген чектөөлөрдөн улам көп убакытка чейин логистикалык каттам уюштуруу кыйынга туруп келген.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты