​Абитуриент жогорку окуу жайга кантип онлайн документ тапшыра алат? Кеңеш.

Абитуриент жогорку жана орто окуу жайларына документти кандай тапшыруу керектигин билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

1. Каттоо. Абитуриент 2020.edu.gov.kg сайтында каттоо процедурасынан өтүшү керек, ал үчүн профилде керектүү маалыматтарды толтурат. Маалыматтар толтурулгандан кийин абитуриенттин телефон номерине СМС билдирүү келет.

2. ЖОЖду тандоо. Системада көрсөтүлгөн окуу жайлардын тизмесинен багытты жана профилди тандоо керек.

3. Өтүнмө (заявка) берүү. Андан кийин ЖОЖду, даярдоо багытын тандоо менен ЖРТнын электрондук талонун тиркөө зарыл.

4. Кабыл алуу. ЖОЖдун сунушунан кийин тандалган адистик боюнча окуу тууралуу чечимин тастыктоо зарыл.
Абитуриенттерди тандоо эки тур менен өткөрүлөт

Кабыл алуу графиги:
13-31-июль
– 1-тур – Документтерди онлайн каттоо
3-август
– Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси илинет
3-6-август
– Абитуриенттердин орто кесиптик орто окуу жайларга кабыл алууну каалоосун тастыктоосу

1-август – 20- август
– 2-тур – Документтерди онлайн каттоо
22-август
– Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси илинет
23-30-август
Абитуриенттердин орто кесиптик орто окуу жайларга кабыл алууну каалоосун тастыктоосу

Абитуриенттердин арасында конкурс орто жалпы билими жөнүндө аттестаттын же негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүктүн орточо баллынын суммасы жана конкреттүү адистик үчүн профилдик предметтин баасын эске алуу менен өткөрүлөт.

Бул процесс атайын формуланын негизинде эсептөө менен жүргүзүлөт.
“Гранттык негизде окуу мүмкүнчүлүгүнө төмөнкү категориядагы абитуриенттер ЖРТда мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп “алтын сертификатка” ээ болгон 50 абитуриент, олимпиадада 1-2-орунга ээ болгон же эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү болгондор олимпиаданын предмети дал келген адистиктерге жана даярдоо багыттарына, жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан болсо конкурстан тышкары кабыл алынат, — деп билдирди КР билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова.

Анын айтымында быйылкы жылы республикалык мектеп окуучуларынын олимпиадасында 3-орунга (тактоо керек) ээ болгон абитуриенттер, олимпиаданын предмети профилдик болуп саналган педагогикалык адистиктерге жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан шартта кабыл алынат. Кабыл алуу процесси 2 же 3 тур болушу мүмкүн.

Быйыл Кыргызстанда жогорку жана орто окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуу онлайн форматта өткөрүлөт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты