​Минск-Бишкек багыты менен чет өлкөдөгү студенттер кайтты

  • 4 года мурун

8-июлда «Avia Traffic Company» авиакомпаниясынын «Минск-Бишкек» багыты боюнча Беларустан бир катар чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын 182 жараны келди.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Бул каттам менен Кыргызстан жарандары, анын ичинде Беларусь, Украина, Австрия, Венгрия, Улуу Британия, Германия, Литва, Латвия, Словакия, Сербия, Италия, Испания, Румыния, Нидерландия, Польша, Франция, Швейцария өлкөлөрүнөн студенттер кайтып келген.

Бул чартердик каттам чек аранын убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам Мекенге келе албай жаткан жарандар үчүн ишке ашырылды.

Сүрөт: ТИМ.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты