Акматова: “Коронавирус статистикасын пневмонияныкы менен бириктирүү тууралуу сөз болууда”

Кыргызстанда коронавирус жана ооруканадан сырткары пневмония статистикасы өз-өзүнчө каралып жатат. Эми ал статистиканы бириктирип, бир максатта иш алып баруу тууралуу сөз болуп жатканын саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова суроого жооп берүү учурунда билдирди.

-Бул тууралуу суроо көп. Пневмония жана COVID-19 боюнча статистика жашырылып жатат деген сөздөр коомчулукта жүрүүдө.

Тилекке жараша, андай максатты көздөгөн эмеспиз жана көздөбөйбүз.

COVID-19 катталган алгачкы учурда ооруканадан сырткары пневмония дарты республикада сейрек катталган.

Анда коронавирус диагнозун биздин медициналык адистер ПЦР-анализ аныктагандан кийин гана коюшчу.

20-июндан баштап ооруканадан сырткары пневмония дартына чалдыккандар көбөйдү.

Азыр пневмонияга чалдыккандардын саны кескин көбөйгөндүгүнө байланыштуу бейтапка тез жардам берүү максатында ПЦР-диагностиканы күтпөй эле жардам берүү зарылчылыгы келип чыкты.

20-июндан баштап ооруканадан сырткары пневмония дартына чалдыккандар көбөйдү.

Эми коронавирус жана пневмония статистикасын бириктирип, бирдиктүү багытта иш алып баруу тууралуу сөз болууда, -деди коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Акматова.

Буга чейин премьер-министр Кубатбек Боронов коронавирустун айынан пневмония дартына кабылгандардын саны көп болуп жаткынын билдирген.

«Коронавирус инфекциясынын кесепетинен өпкөсү сезгенген бейтаптардын санынын көбөйүшү кырдаалды мурдагыдан дагы курчутту»- деген Боронов 7-июлда.

Башка бир катар өлкөлөрдө ооруканадан сырт кары пневмония коронирустун айынан келип чыккан дарт экени айтьылып келген.

Казакстан пневмония дарты менен ооруканага жаткан жана каза иапкан кишилердин саны көп болуп жатканына байланыштуу атайын клиникалык протокол кабыл алган.

Ага ылайык, ПЧР тесттин жыйынтыгы кандай гана болбосун, пневмония менен ооругандар COVID-19 менен жабыркагандар сыяктуу эле вируска каршы дарыланат.

«Коронавирус инфекциясы жогорку дем алуу жолдорунан төмөн көздөй жылып кеткенде ПЧР тест дайыма эле вирусту аныктай албайт экен» деди Казакстандын башкы санитардык врачы Есмагамбетова.

8-июлга карата өлкөдө бир суткада коронавирус инфекциясынын 345 учуру аныкталды.

Коронавирустан бир күндө 13 киши каза тапты. Коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны 112ге жетти.

Ооруканадан сырткары пневмониядан 44 киши көз жумду, анын ичинен аймактарда 14 киши жана Бишкекте — 30 бейтап.
Март айынан бери пневмониядан жалпы каза болгондордун саны – 268 киши болду.

Сүрөттө: Айнура Акматова. gov.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты