​Бишкектеги бир катар соода борбору ишин убактылуу токтотот

  • 4 года мурун

Бишкектеги «Дордой Плаза» соода борбору өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын начарлашына байланыштуу 8-июлдан 19-июлга чейин убактылуу ишин токтотот. «Asia Mall», «Технопарк» соода борборлору, «РИОМ» автоунаа базары да карантинге жабыла турганын айтты.

Бул тууралуу соода борборлорунун администрациялары билдирди.

Маалыматка ылайык, бул күндөрү «Дордой плаза» соода борборундагы «Фрунзе» гипермаркети, дарыкана жана «Демир банктын» бөлүмү гана иштейт.

Ушул эле күнү башкалаадагы «Asia Mall», «Технопарк» соода борборлору, «РИОМ» автоунаа базары да коронавируска байланышкан эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин карантинге жабыла турганын билдиришти.

Аталган жайлар кайра качан иштей баштай турганы так айтылган жок.

Кыргызстанда соңку күндөрү коронавирус жайылып, абал курчуду. Вируска жана пневмонияга чалдыгып, каза болгондордун саны кескин көбөйдү. Учурда ооруканаларга медициналык жардам ала албагандар көп кайрылып жатышат. Бийлик жарандарды үйдөн чыкпоого чакырууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков 6-июлда азырынча өлкөдө карантин киргизүү маселеси карала электигин айтты.

Сүрөт: AFP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты