​Парламенттик шайлоого даярдык талкууланды

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков 3-июлда, шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен онлайн кеңешмеде өөпарламенттик шайлоого даярдыкты талкуулады.

Нуржан Шайлдабекова шайлоо азыркы шарттарда жарандардын саламаттыгын сактоо үчүн бардык санитардык-карантиндик чараларды жана эрежелерди аткаруу менен өткөрүлүшү шарт. БШК бул маселе боюнча өкмөт менен бирге иштешет.

БШКда жумушчу топ түзүлүп, шайлоого катышууну көздөгөн саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча жумушчу топ иштеп баштайт.

Жогорку Кеңешке шайлоо белгиленгенден кийин биринчи декадада шайлоого катышууну көздөгөн партиялар үчүн шайлоого катышуунун негизги маселелери тууралуу: талапкерди көрсөтүү жана каттоо, шайлоо фонддорун түзүү эрежелери, үгүт иштери жана талаш-тартыштар боюнча маалыматтык-түшүндүрүүчү окутуу семинарлары өткөрүлөт.

Шайлоочуларга маалымат берүүнү кеңейтүү максатында talapker.shailoo.gov.kg платформасы иштелип чыгат. Анда шайлоого катышкан партиялардын программалары, ар бир талапкер тууралуу маалыматтар, ошондой эле партиялардын шайлоо фонддоруна келип түшкөн каражаттар, алардын чыгымдалышы менен таанышууга мүмкүн болот.

«БШК парламенттик шайлоонун бардык катышуучуларына эркин саясий атаандаштык үчүн бирдей укуктук шарттарды түзүп берет», — деп баса белгиледи БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова.

Жээнбеков саясий партияларга, шайлоочуларга, байкоочуларга жана массалык маалымат каражаттарына шайлоо мыйзамдарынын жаңычылдыктары жөнүндө маалымдоонун маанисине көңүл бурду.

Жогорку Кеңешке шайлоону өткөрүүнү 4-октябрга белгилөө тууралуу жарлык 3-июлда күчүнө кирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты