Бишкекке Новосибирскиден 186 кыргызстандык кайтып келди

  • 4 года мурун

3-июлда «Авиатраффик компани» авиакомпаниясынын чартердик рейси менен Новосибирскиден Кыргызстандын 186 жараны кайтып келди.

Бул тууралуу ТИМ маалымат департаменти билдирди,

Келгендердин арасында 19 кош бойлуу аял, 10 жаш бала, 57 студент, мүмкүнчүлүгү чектелген жана башка категориядагы жарандар бар.

Алар коронавирус пандемиясынан улам авиакаттамдар токтотулгандыгына байланыштуу чет өлкөлөрдөн келе албай жатышкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты