​Мурдагы бажычы Кара-Суунун мэри болуп шайланды

  • 4 года мурун

Бүгүн, 1-июлда, Ош облусунун Кара-Суу шаарынын мэри болуп Адыл Лолобаев шайланды.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кара-Суу шаарынын мэрлигине бир гана талапкер көрсөтүлгөн. Ал — Адыл Лолобаев. Шаардык Кеңештин 31 депутатынын 30у аны колдоп добуш бергендиги маалыматта айтылат.

Лолобаев Ош бажы кызматынын башчысынын орун басары (2007-жылы), андан кийин Жалал-Абад жана Баткен бажы кызматынын башчысы болуп иштеген.

Сүрөт: БШК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты